Орусия Коргоо министрлиги менен келишим түзбөгөн тажик мигрантын депортациялады

Тажикстан. Аэропорт. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда тажик жараны чукул арада депортация болуп, өмүрүнүн аягына чейин бул өлкөгө кирүү укугунан ажыраганы тууралуу окуяны "Настоящее время" телеканалы бүгүн, 25-сентябрда жарыялады.

Аты-жөнү аталбаган жаран орусиялык аял менен курган үй-бүлөсү, балдары, Орусияда жашоого уруксат берген документи бар болгонуна карабастан ушундай мамилеге тушукканын айтып берген. Себебин эч ким түшүндүргөн эмес. Бирок, өзүнүн айтымында, жакында Орусия жарандыгын алуу үчүн документ тапшырганы барганда ага Коргоо министрлиги менен келишим түзүүнү сунуш кылышкан. Окуя ал сунуштан баш тарткандан кийин болгон:

“Алар тажиктерге эч ким эч нерсе жасабайт деп айтышты. Келишим аркылуу гана дешти. Ал кезде менде андай ой деле жок болчу. Бирок эгер келишим түзүш керек болсо, түзөм го деп ойлоп жүргөм”.

Тажик жараны мекенине барып, кайра Орусияга кайтканда, Москванын аэропортунан аны чек арачылар кармап, бир нече сааттан кийин депортация кылышкан.

Быйыл жазында Москва аймагында "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган.

Буга чейин "Азаттык" орус армиясы Украинадагы согушка борборазиялыктарды жалдаган, азгырган жана мажбурлаган фактылар бар экенин жазып, согушта кыргызстандыктар кайтыш болгон бир нече жагдайды аныктаган. Кыргызстандын канча жараны кан күйгөн согушка тартылганы жана канчасы каза болуп, туткунга түшкөнү тууралуу маалымат жок. (RK)

Дагы караңыз

Репрессия азабын сүрөткө түшүргөн чеберШвеция "өч алуу чакырыктары" үчүн Иранды айыптады"Куликовский" кондитердик үйүнө 20 миллион сом айып салынды“Эркин-Тоодогу” элдин үнү, атылган агартуучулар