Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Швеция "өч алуу чакырыктары" үчүн Иранды айыптады


Швеция. Архивдик сүрөт.
Швеция. Архивдик сүрөт.

Швециянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы (Sapo) Ирандын чалгын мекемесин мобилдик оператордун сервистерине «киберчабуул жасаган» деп айыптоодо. Батыштагы айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, ирандык хакерлер Швециядагы 15 миңдей абонентке Куран китептин өрттөлүшү үчүн өч алууга чакырык жөнөткөн.

Тергөөчүлөр аныктагандай, Anzu тобунун хакерлери Швециядагы мобилдик оператордун сервисине 2023-жылдын июль айында чабуул коюп, 1-августта абоненттерге SMS жөнөткөн.

Анын алдында өлкөдө исламга каршы маанайдагы акциялар өтүп, Куран китебинин бир нечеси атайылап өрттөлгөн.

Прокуратура кибер чабуул уюштурган хакерлер ким экенин аныктай алган, бирок аларды суракка алуу мүмкүн эмес. Аталган мекеме чабуулдун максаты Швеция исламга каршы өлкө деген маанай жаратып, бул мамлекеттин ичине бүлүк салуу болгон деген тыянакка келди.

Швеция өкмөтү Куран өрттөлгөн окуяны айыптап чыккан, ал эми полиция мындай акцияны алдын алууга аракет кылган.

Окуя мусулман өлкөлөрүндө нааразылык жаратып, Жакынкы Чыгышта бир катар демонстрациялар өткөн. Иракта акцияга чыккандар Швециянын элчилигине өрт коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG