БУУда Садыр Жапаров дүйнөдө каражатты куралданууга эмес, өнүгүүгө жумшоого үндөдү

Садыр Жапаров

Дүйнө өлкөлөрү куралданууга, ар кандай согуштарга жумшап жаткан каражатты өнүгүүгө, айрыкча жардамга муктаж өлкөлөрдүн абалын жакшыртууга жумшаганы туура болмок. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Ал былтыркы жылы дүйнө жүзүндө куралданууга «чексиз чыгым» жумшалганына токтолуп, бул акыркы ондогон жылдагы эң жогорку көрсөткүч болгонун айтты:

«Биз согушка, кыйроолорго жана өлтүрүүгө кетип жаткан акчаны жаратмандыкка же бүткүл адамзат үчүн глобалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багыттап, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, глобалдык миграциянын алдын алууга, жакыр мамлекеттерге жардамга колдонсок жакшы болмок».

Адамзат жылдан жылга туруксуз жана татаал болуп бараткан дүйнөдө жашап жатканын белгилеген Кыргызстандын лидери алдыда мурун болуп көрбөгөндөй чакырыктар турганын белгиледи. Алар, Жапаров атап өткөндөй, «глобалдык климаттык катастрофа, континеттерди бөлгөн экономикалык теңсиздик жана элдердин келечекке болгон тынчтык үмүтүн жок кылган кагылышуулар».

«Дүйнөдө куралдуу чыгымдар жыл сайын өсүп жатканын көрүүдөбүз, ошол эле учурда жакыр жана аялуу өлкөлөр өнүгүүгө жана жашоо шартын жакшыртууга жетишпей жатат».

Стокгольмдогу эл аралык Тынчтык изилдөө институтунун маалыматы боюнча, 2023-жылы дүйнөдө куралданууга кеткен чыгым 6,8% өсүп, рекорддук 2,5 триллион долларга жеткен. Бул глобалдык ички дүң өнүмдүн 2,3% барабар. (RK)

Дагы караңыз

Байден БУУдагы сөзүндө АКШнын Украинага колдоосу уланарын айттыАскар Акаевдин "экс-президент" макамын парламент чечет Израилдин Ливандагы кандуу соккусу, жаңы согуш коркунучу 24-сентябрь: Акаевдин арызы боюнча чечим, Ливанда 500дөй киши набыт болду