Байден БУУдагы сөзүндө АКШнын Украинага колдоосу уланарын айтты

Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден 24-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жатып Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келаткан Киевге колдоосун билдирип, башка өлкөлөрдү да Украина жеңип чыгышына, эркиндигин сактап калышына, адилеттүү тынчтыктын орношуна жетишүүгө чакырды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинаны өзүнө багындырып алуу, НАТОну алсыратуу максаты ишке ашпай калганын белгилеген Байден азыр Украинага жардамдан баш тарта турган мезгил эмес экенин, тескерисинче, аны менен бирге болуу зарылдыгын айтты.

Байден ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга кайрылып, Газа секторундагы согушту жана Израил менен Ливандын чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуунун жалгыз жолу тынчтык сүйлөшүүлөрү экенин белгиледи. Кошмо Штаттардын президенти Израил менен согушуп жаткан, АКШда, Европа Биримдигинде жана бир катар өлкөлөрдө террордук деп жарыяланган ХАМАС, «Хезболла» топторун айыптап, хамасчылар былтыр күзүндө Израилден кармап, барымтага алып кеткендерди тез арада бошотууга чакырды жана аймактагы курчуган кырдаал үчүн Иранды айыптады.

Өз сөзүндө Байден администрациясынын климаттын өзгөрүүсүнө каршы көрүлүп жаткан ишиндеги ийгиликтери, кедей жана өнүгүүсү начар өлкөлөргө көрсөтүлүүчү жардамы тууралуу да айтты.

Бул Байдендин АКШ президенти катары БУУдагы акыркы сөзү болду. Себеби ноябрда өтө турган президенттик шайлоого ал катышпайт. Ат салышуудан баш тартканы тууралуу айтып Байден башка өлкөлөрдүн лидерлерин да кызматка жармашпоого чакырды.

«Кызмат ордуңардан да маанилүүрөөктөр бар. Бул - силердин элиңер», - деп белгиледи АКШ президенти. (RK)

Дагы караңыз

Аскар Акаевдин "экс-президент" макамын парламент чечет Израилдин Ливандагы кандуу соккусу, жаңы согуш коркунучу 24-сентябрь: Акаевдин арызы боюнча чечим, Ливанда 500дөй киши набыт болду Улуттар Уюму: Зеленский «согуш аяктарына аз калганын» айтты