Украина Харьков шааары бомбаланып, адамдар каза болуп жатканын билдирди

Харьков. Архивдик сүрөт.

Украинанын түндүк-чыгышында жайгашкан Харьков шаары бүгүн 24-сентябрда Орусиянын авиабомбалык чабуулуна кабылганын калаа башчысы Игорь Терехов билдирди.

«Душман шаардын эл жыш жайгашкан райондорунун бирине башкарылуучу авиабомба (КАБ) менен сокку урууда. Этият болгула», – деп алгач жазды ал Telegram каналына. Андан кийин ал Харьковдун төрт административдик району бутага алынганын, көп кабаттуу үйлөр талкаланганын билдирди.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов Харьковдо кеминде үч киши каза болгонун, 22 киши жараат алганын, бомбалардын бири кабаттуу үйгө түз барып тийгенин, урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Оруcия бийлиги 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын куралдын көптөгөн түрү менен жасалып жаткан соккуларын атайын чабуул катары баалоодо. (RK)

Дагы караңыз

"Тил мыйзамын аткаминерлер аткарбай жатат". Кыргыз тилин өнүктүрүүдөгү өксүктөр "1 млрд 700 млн сом түшөт". Өкмөт күйүүчү майдан Жол фондуна акы алууну көздөйт Орус тили: 40 жыл мурда аз жерден “заец”, “парашут” деп расмий жазылбай калган24-сентябрь: Акаевдин арызы боюнча чечим, Ливанда 500дөй киши набыт болду