Гүлшат Асылбаева экономика министринин орун басары болуп дайындалды

Гүлшат Асылбаева.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Ал 2023-жылдын сентябрь айынан бери ушул эле министрликке караштуу Монополияны жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп иштеп келаткан.

64 жаштагы Гүлшат Асылбаева 1982-жылы Москвадагы Советтик соода институтунун экономист адистигин аяктаган. Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат болгон. Ал депутат болуп турганда коомчулукта "сөз эркиндигин чектеген, демократияга каршы келген мыйзам долбоорлорун жазган" деп сынга кабылган.

2023-жылы июль айында кыргызстандык 30дай активист жана журналисттер “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын авторлоруна – экс-депутаттар Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмоновага виза бербөө өтүнүчү менен Швейцариянын элчилигине кайрылышкан.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар бул документ эркин маалымат каражаттарына каршы гана иштеген мыйзам экенин, сөз эркиндигине коркунуч жаратарын билдирип келишет.

Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет. (BTo)

Дагы караңыз

Иранда көмүр шахтасындагы жарылуудан ондогон өмүр кыйылдыОрусия Украинанын сегиз аймагына 85 дрон жана ракета менен сокку урдуКыргызстан–Украина кызматташтыгы талкууландыЖК комитети Акаевдин арызы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун четке какты Италиянын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан 12 кыргызстандык бар Өкмөт Элдик курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы болдуҮчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөт