Иранда көмүр шахтасындагы жарылуудан ондогон өмүр кыйылды

Иран. Көмүр кенчилер.

Иранда шахтадагы жарылуудан каза болгондордун такталган саны баштапкы маалыматка караганда төмөн экенин, азыркы тапта 38 өлүм тастыкталганын, 14 кишини издөө уланып жатканын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына таянып “Фарда” радиосу кабарлады.

Кырсык 22-сентябрда өлкөнүн чыгышында, борбор калаа Тегерандан 540 чакырым аралыкта жайгашкан Түштүк Хорасан провинциясынын Тебес аймагындагы көмүр шахталарынын биринде болгон. Алгач каза тапкандар 51 киши деген расмий маалымат тараган.

Жарылууга метан газы топтолуп калганы себеп экени кабарланган.

Аймактын башчысы Жавад Генааттын айтымында, шахтанын ичинде калгандарды куткаруу ишинде ал жакта метандын деңгээли дагы эле жогору болгондуктан оорчулук жаралууда.

Бийлик кырсыктын себебин териштирүүдө, жалпы Түштүк Хорасанда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Ирандын тоо-кен ишканаларындагы коопсуздук стандарттарынын начардыгы жана тез жардам кызматынын жетишсиздиги түрдүү кырсыктарга, жоготууга себеп болуп келет. Өткөн жылы өлкөнүн түндүгүндөгү Дамган шаарындагы көмүр шахтасында жарылуудан алты адам, 2021-жылдын май айында дагы эки адам уранды астында калып каза болгон. (RK)

Дагы караңыз

Орусия Украинанын сегиз аймагына 85 дрон жана ракета менен сокку урдуАкаев, Шеварднадзе, Янукович. Бийликтен куулган постсоветтик президенттерБөтөн тилдин үстөмдүгүнөн качан арылабыз? Босния жана Герцеговинада акция уюштурган студенттерге кол салуу болду