Улуттук банк үч жыл ичинде акчанын көбөйүшү тууралуу түшүндүрмө берди

Улуттук банк интернетте Кыргызстанда соңку үч жылда акчанын массасы көбөйүп кеткени боюнча айтылган пикирлерге түшүндүрмө берди. Башкы банктын 24-сентябрда чыгарган маалыматына караганда, акчанын массасы 2020-жылдын соңунан тартып 2024-жылдын апрелине чейин 219,1 миллиард сомдон 394,2 миллиард сомго көбөйгөн.

Ушул убакыт аралыгында өлкөнүн номиналдуу ички дүң өнүмү 92,1%, тагыраагы, 639,7 млрд сомдон 1,2 трлн сомго жеткен. Кыргызстандын экономикасында өндүрүш 2020-жылдан тартып 2023-жылга чейин 30,2 % жогорулаган. Улуттук банк ушул себептерди далил келтирип, акчанын массасынын көбөйгөнүн экономиканын өсүшүнө байланыштырган.

“Акча массасы көбөйүшүн мүнөздөгөн бир катар белгилер бар. Эң оболу, бул акча массасынын ички дүң өнүмгө карата катышы саналат. Мындай катыш экономикалык жигердүүлүктү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон акчанын санын билдирет жана адатта экономика талаптагыдай өнүккөн шартта туруктуу бойдон сакталып калат. Экономисттердин чөйрөсүндө бул көрсөткүч монетизациялоо коэффициенти деп аталат. Ал 2020-жылдан 2023-жылга чейинки мезгил аралыгында 41-44% деңгээлинде өзгөрүп турган. Бул көрсөткүчтүн туруктуулугу өлкөдө акчанын саны менен экономикалык жигердүүлүктүн өз ара шайкеш экенин билдирет”.

Улуттук банк акча массасы менен экономикалык жигердүүлүктүн катышынын бир көрсөткүчү алмашуу курсунун динамикасы экенин, соңку эки жылда кыргыз сомунун баасы туруктуу сакталып жатканын кошумчалаган.

Акча массасы – бул экономикада жүгүртүлүп жаткан, анын ичинде калктын колундагы, компаниялардын жана ишканалардын кассаларындагы, ошондой эле өлкөнүн коммерциялык банктарында депозиттердин бардык түрлөрүнө жайгаштырылган каражаттардын жыйындысы. (TAb)

Дагы караңыз

Орусия Украинанын сегиз аймагына 85 дрон жана ракета менен сокку урдуБосния жана Герцеговинада акция уюштурган студенттерге кол салуу болдуКыргызстан–Украина кызматташтыгы талкууландыЖК комитети Акаевдин арызы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун четке какты