Италиянын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан 12 кыргызстандык бар

Иллюстрация.

Италиянын жаза аткаруу мекемелеринде 12 кыргызстандык кармалып турат. Бул тууралуу баш прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 24-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Башкы прокуратура Кыргызстан менен Италиянын ортосунда соттолгондорду жана кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн жарандарды өткөрүп берүү боюнча келишимдин долбоорун сунуштады. Конкубаеванын айтымында, тараптар бул документтин долбоорун талкуулап, бир пикирге келген.

“Президенттин администрациясынын жана Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2-4-октябрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун Италияга расмий иш сапары болот. Жогорудагы келишимдерге ушул сапардын алкагында кол коюу пландалган”, - деди Конкубаева.

Башкы прокуратуранын эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын башчысы Талант Мамыровдун билдиришинче, учурда Европанын бир катар өлкөлөрүндө – Германияда, Румынияда экиден жаран, Словенияда, Словакияда, Молдовада, Францияда жана Литвада бирден жаран абакта кармалып турат.

Комитет Италия менен Кыргызстандын ортосунда соттолгондорду жана издөөдө жүргөндөрдү алмашуу боюнча келишимдин долбоорун жактырды.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы чет өлкөлөрдө соттолгон кыргызстандыктарды экстрадициялоо боюнча 18 мамлекет менен кызматташат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2016-жылдан бери чет мамлекеттерде кылмышы үчүн соттолуп, абак жазасын өтөп отурган 550дөн ашуун кыргызстандык жаран мекенине кайтарылган. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан. Ирандан, Түркиядан, Түштүк Кореядан, Кытайдан жана Бириккен Араб Эмирликтеринен да кыргызстандыктар экстрадицияланган.

Дагы караңыз

АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер жөнөтөтӨкмөт Элдик курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы болдуҮчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөтСара Верт USAID уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси болуп дайындалды