АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер жөнөтөт

Ливан.

Кошмо Штаттар Израилдин жана Ливанда жайгашкан “Хезболла” жоочулар тобунун ортосундагы кармаш күчөп, аймактагы абал курчуп жаткандыктан Жакынкы Чыгышка кошумча аскердик күч жөнөтүүдө. Бул тууралуу 23-сентябрда Пентагондун басма сөз катчысы Пэт Райдер билдирди.

Бирок ал Жакынкы Чыгышка кайсы аскерлер, канча санда жана кандай максатта жөнөтүлөрүн так айткан жок.

Азыркы тапта бул аймакта америкалык 40 000 аскер кызматкери бар экени расмий айтылган.

Райдердин билдиришинче, АКШнын коргоо министри Ллойд Остин бир күн мурда Израилдин коргоо министри Йоав Галант менен телефондон сүйлөшкөн. Остин Кошмо Штаттар “америкалык аскерлерди жана алардын ишмердүүлүгүнө тейлөө кызматын көрсөтүп жаткандарды дайым коргоп аларын, азыркы кырдаалды өз кызыкчылыгына колдонуп же ырбаткысы келген аймактагы оюнчуларды токтотуу ниети бекем экенин” айткан.

«Хезболла» Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган, Иран колдогон ливандык топ. Былтыр октябрда анын өнөктөшү, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун кандуу чабуулуна кабылгандан кийин Израил Газада ХАМАС, коңшусу Ливандын түштүгүндө «Хезболла» менен согушуп келе жатат.

Газада, жергиликтүү саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, ошондон бери 41 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Ал эми «Хезболла» менен кармаш, атышуу соңку күндөрү күчөп, 22-сентябрда Ливанда Израилдин соккуларынан каза болгондор дээрлик 500гө жеткени кабарланууда. (RK)

Дагы караңыз

Өкмөт Элдик курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы болдуЛиван бийлиги 500гө чукул киши набыт болгонун кабарлады Үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөтПрезиденттин администрациясы жумасына эки жолу коомдук транспорт менен жүрүү демилгесин колдоду