Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 25-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 11…13 °, күндүз 24…26 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Үчүнчү Элдик курултай 20-декабрда өтөтӨкмөт Элдик курултайдын делегаттарын бир жылга шайлоого каршы болдуСара Верт USAID уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси болуп дайындалдыПрезиденттин администрациясы жумасына эки жолу коомдук транспорт менен жүрүү демилгесин колдоду