Ливан: “Хезболлага” каршы чабуулда 500гө чукул кишинин өмүрү кыйылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Израил армиясы “Хезболла” террордук тобуна каршы Ливандын түштүгүнө абадан сокку урууну улантууда. Расмий Бейрут кабарлагандай, 23-сентябрдын таңындагы аба чабуулдан 500гө чукул кишинин өмүрү кыйылды. ЦАХАЛ өлкө түндүгүндөгү израилдиктер үйлөрүнө аман-эсен кайтмайынча Ливандагы аскердик операцияларын уланта берерин билдирди.