Кыргыз тилин журналисттер кандай колдонот?
Жакында эле “Эсимде" талкуу аянтчасы кыргыз тилинин медиадагы көйгөйлөрү боюнча изилдөөсүн жарыялап, аны талкууга чыгарды. Изилдөөдө жалпыга маалымдоо каражаттарында колдонулган кыргыз тилинин сапаты, аны өнүктүрүүгө кандай себептер тоскоол болуп жатканы талданган.
Тарыхчы Элери Битикчи азыркы турмушта колдонулуп жаткан жаңы сөздөрдүн келип чыгышына сарасеп салып, алардын көпчүлүгү орус тилинин үстөмдүгү аркылуу кыргыз тилине которулганын байкаган:
"Дүйнөгө ачык болбой жатабыз да. Кайра эле Орусия аркылуу бүт жаңы сөздөр келип жатат. Анан бардык жакта орус тили аркылуу кирген сөз деп жазылып турат. А болбосо орус тилине ошол англис тилинен келип атат, ошол эле "хайп", "ди-джей", "спикер" деген сөздөр англис тилинен келген. Англис тилинде "спикер" деген такыр башкача маанини берет. А бизде бул парламенттин төрагасы. Ошондуктан биз маселени көтөрүп жатабыз: орус тилинин таасирин азайтып, кантип өзүбүздүн тилди эркин кылабыз? Изилдөө ушуга арналган. 1941-53-жылдардагы токтомдорду жокко чыгарыш керек. Анткени ал жакта бөтөн сөздөр орус орфографиясы менен жазылышы керек деп турат".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Изилдөөнүн дагы бир автору Мукарам Токтогулова кыргыз тилдүү бир нече маалыматтык сайттарга саресеп салган. Ал андагы журналисттердин жазган материалындагы каталар тууралуу мындай тыянакка келген:
"Биз кыргыз тилдүү медиаларда каталар көп, журналисттер сабатсыз деп ойлогонбуз да. Анткени орус тилдүү журналисттер абдан сабаттуу, жазгандары кызыктуу, ал эми кыргыз тилдүү журналисттер сабатсыз деп дайыма айтылат. Карап көрсөк, сабатсыз дегенде орфографиялык каталар же эрежелердин бузулушу айтылат да. Андайлар аз эле экен. Кыргыз тили башка тилдин үстөмдүгүндө калганынан улам эле аралаш тил болуп калыптыр. Кыргызча-орусча аралаштырып сүйлөгөндөр көп экен. Анан кыргыз тилинде сүйлөп жатканда орус тилинин түзүлүшүн же орус тилиндеги сөздөрдү колдонгондор көп учурап жатат. Биздин жыйынтык мындай: колонизация деген саясий жактан эле эмес, тилибиз деле колониялашып калган экен".
Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кандай иштеп жатат?
2023-жылы 17-июлда президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил жөнүндө конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.
Дагы караңыз Москваны териктирген кыргыз тил мыйзамыМыйзамдын 32-беренесинде мамлекеттик тилди билүүгө, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар киргизилген.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев тилди өнүктүрүү үчүн кескин чараларды колдонуу керек деп эсептейт. Ал буга чейин кабыл алынган мыйзамды айрым чиновниктер аткарбай, жөнөкөй жарандарга начар үлгү болуп жатканына токтолду:
"Менимче, абдан катуу, катаал чараларды колдонуу керек. "Кыргыз тилин билбейсиңби, мыйзамды сыйлап, жумуштан кет" деш керек. Болду, башка жол жок. Ар кандай шылтоо айтып, ары-бери ойной берсек, анда жакынкы 15-20 жылда мамлекетик тил биротоло жоголот. Эң чоң көйгөй мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерде болуп жатат. Аларды көргөн жөнөкөй эл "мейли, балам орусча сүйлөй берсин" деп жатат. Баарына үлгү болгон биздин депутаттар, интеллигенция жана чиновниктер. Ошолорду тартипке салса, анда баары кыргызча сүйлөп, жазып калышат".
"Кыргыз тилин үйрөткөн колдонмо иштеп чыктык"
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев ушу тапта кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн бир топ иштер аткарылып жатканын "Азаттыкка" курган маегинде айтты:
"Мисалы, президент тараптан өзүнчө фонддон каражат бөлүнүп, тил корпусун ишке киргизүү аракеттери башталды. Бардык мамлекеттер муну эбак жөнгө салып, ишке киргизген. Биз азыр санариптештирүү ыкмалары менен ошол ишти баштадык. Тил корпусу түзүлсө, анын жана тил корунун негизинде көптөгөн, жеңилдетилген өнүмдөрдү чыгарсак болот. Азыр программалык камсыздоону кыргызчага которуу боюнча борбор иштеп жатат.
Дүйнөлүк деңгээлде тил үйрөнүүнү жеңилдеткен Duolingo деген мобилдик тиркеме бар. Бизде ага окшош өзүнчө мобилдик тиркеме иштелип чыгып, азыр тесттик режимде турат. Буюрса ушул айдын этегинде жалпы элибизге тартуулайбыз. Тилди каалаган жерде туруп эле аралыктан үйрөнгөнгө ыңгайлуу колдонмо болот. Ушул сыяктуу бир нече долбоорлор бар".
Дагы караңыз Мураталиев: Эгер кыргыз тилин талап кылсак, аны үйрөтүүгө көңүл буралыАзыр советтик доордо шаарда төрөлүп чоңойгондор үчүн өз эне тилинде сүйлөө чоң көйгөй.
Бишкек шаарынын 60 жаштагы тургуну Эрик кыргыз тилин үйрөнүү үчүн бир жылдан бери атайын ийримге барууда. Ал мектепти орусча окуп, буга чейин кыргыз тилине муктаждыгы болбогон экен. Азыр өзүнүн балдарын жана неберелерин кыргызча сүйлөтүү үчүн биринчи өзү үйрөнүүнү чечкен:
"Совет мезгилинде бала бакча, мектептердин баары орус тилинде болчу. Айылда туугандарым да жок болчу. Кийин Москвага окуганы барып, андан кийин Беларуска иштеп кеткем. Ошондон улам кыргыз тилин жакшы билбей калгам. Азыр эми Кыргызстанда жашап жаткандан кийин кыргыз тилин билишибиз керек. Ошон үчүн үйрөнүп жатам. Балдарды да окутушубуз керек. Антпесе аларга да кыйын болот. Азыр Мамлекеттик тил мыйзамы бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин билүүгө мажбур кылбадыбы".
Акыркы убакта Кыргызстандын ири шааарларында, асыресе баш калаа Бишкекте кыргыз тилин үйрөткөн ийримдер көбөйүп, андан сырткары социалдык тармактар аркылуу тилге арналган контенттер, аны үгүттөгөн блогерлер пайда болду.
Алардын бири Тилек Мирлан "tilimpoz" баракчасын алып барат. Ага 200 миңге жакын катталуучу жазылып, кыргыз тилиндеги сөздөрдүн туура жазылышын, маанисин сурап турат:
"Кыргыз тилиндеги жөн эле маалымат эмес, сапаттуу, жеткиликтүү, ыңгайлуу маалыматка муктаждык бар, ошондуктан "tilimpoz" пайда болду. Себеби кыргыз тилиндеги жазуу эрежелери кыйын, тыныш белгилерин туура коюу кыйын, үйрөнүү кыйын деген маселе акыркы жылдары күч алып кетти. Аны жеткиликтүү, жеңил, ыңгайлуу кылып түшүндүрсөк болот дегенди айткым келген. Азыр бизге суроо жазгандар көбөйдү. Өзгөчө ЖРТ тапшыргандар окуучуларга, мугалимдерге, тилчилерге пайдасы тийип жатканын айтышууда".
Соцтармактардагы кыргыз тили
XXI кылымда жаңы технологиянын, интернеттин доорунда кыргыз тили дагы бир чоң сыноого туш болду.
Азирет Осмонов - Инстаграмда жана Ютубда 500 миңге жакын катталуучусу бар блогер. Ал миңдеген аудиториясы бар адамдар башкаларга үлгү болушу керек дейт:
"Орус тилиндеги сөздөр биздин жашообузга кирип калган. Кээде өзүң каалабаган күндө дагы кошулуп кетет. Мен деле кыргызча таза сүйлөйм деп айтпайм. Бирок колдон келишинче сөздөрдү жазып жатканда үтүр, чекитине маани берип, туура жазганга аракет кылам. Блогерлердин аудитория алдында жоопкерчилиги бар да. Аларды көп адамдар көрөт, ээрчийт. Анан айрымдарга окшоп орусча менен кыргызчаны аралаштырбай, кыргыз тилинде контент жасагандан кийин таза сүйлөгөнгө, туура жазганга үндөш керек".
"Эл сөздүк" колдонмосунун автору Чоробек Сааданбек тилдин жашоосу интернетте уланганда гана анын келечеги болорун айтууда:
"Кыргыз тили мындан ары жашай бериш үчүн жаңы чыгып аткан технологиянын ичинде болушу керек. Ал үчүн биз кыргыз тилинде көбүрөөк контент жаратып, колдон келсе дүйнөгө таанылып жаткан D-Billions жана Аргенбай деген сыяктуу медиа көрүнүштөр, дүйнөлүк контент жараткан өнөрпоздор көп болушу керек".
Ошентип, кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 35 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынган.
Андан бери кыргыз тилиндеги жазуу эрежелери бир нече жолу өзгөртүлүп, жаңы технологиянын өнүгүшү менен жаңы сөздөр да кирди. Өткөн жылы “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынды.
Кыргызстан - орус тилине Баш мыйзам аркылуу расмий макам берген саналуу өлкөлөрдүн бири.
Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча Бишкектин ар бир аракетин Кремль ар кандай кызмат адамдары, депутаттары аркылуу сындап келет.
Дагы караңыз Тил саясаты: Бишкектин чечими, Кремлдин таасири