Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Москваны териктирген кыргыз тил мыйзамы


Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда кабыл алынган мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сынына жооп берди. Жапаров бул мыйзам орус тилин "дискриминация" кылбастыгын айтты.

"Кыргыз тили дагы, орус тили дагы керек"

Жакында эле кабыл алынган кыргыз тил мыйзамы тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун билдирүүсү кыргыз коомунда кызуу талкууланууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров анын сынына жооп кайтарып, мыйзам орус тилин "дискриминация" кылбастыгын, өлкөдө эки тил тең бирдей шартта колдонуларын белгиледи. Президент мындай пикирин 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Сергей Лавров мыйзамды окубай туруп эле сүйлөп жатса керек. Ал мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок. Тескерисинче, орус тили расмий тил катары колдонулат деп турат. Бул ченем Баш мыйзамда да бар. Бул ченем кала берет. Мугалимдер менен дарыгерлерге тиешеси жок. Бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп жатпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп жатабыз да. Мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын сүйлөгөндөрүн байкасаңар. Жарымы орусча, жарымы кыргызча. Эч бирибиз же толук орусча сүйлөбөйбүз же толук кыргызча сүйлөбөйбүз. Аралаштырып урдуруп кете беребиз. Ошондуктан эки тилди тең бирдей өздөштүрөлү. Керек болсо англис, француз, кытай тилин да үйрөнөлү. Канчалык көп тил билсең, ошончолук өзүңө жакшы эмеспи", - деди Жапаров.

Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда Кыргызстанда кыргыз тили мыйзамынын кабыл алынышын сындап, орус тили "басмырлоого" кабылып жатканын айткан.

Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

"Бул идея жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул анчейин "демократиялуу эмес" кадам экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирген жобону айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калды. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды. Кыргызстандын Конституциясында орус тили улуттук баарлашуунун тили бойдон калганына карабай, орус тили жалпысынан Украинадагыдай, Прибалтика өлкөлөрүндөгүдөй басмырлоого кабылып жатат", - деп айткан.

"Орусиянын бир облусундай мамиле кылышат".

Лавровдун мындай билдирүүсүн кыргыз коомчулугунда өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары кабыл алынууда. Кыргызстандын мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиевдин пикиринде, Орусия Борбор-Азияда гоесаясий таасирин арттыруу үчун орус тилин курал катары пайдалангысы келет. Ал расмий Бишкек Кремлге кескин жооп бере албаса дагы, өлкө ичинде кыргыз тилин өнүктүрүүгө аракет кылуусун улантуу керек дейт.

Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

“Орусташтыруунун ыкмасы жана коллониалдык режимде кармап туруунун куралдарынын бири - тил маселеси. Орус тилинен чыгуу – бул импералисттик саясаттан, мурдагы коллониалдык режимдин тилинен чыгуу. Алардын билдирүүсү - бул коркутуу, баш ийдирүү. Арабызда жүргөн “киргиздерге” тапшырма. Баш ийген “киргиздерди” коркутуу”, - деди Үмөталиев.

Чынында Орусиянын жогорку кызмат адамдарынын Кыргызстандагы тил маселеси боюнча алгачкы сын-пикири эмес. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев "Бишкектин төрт районунун аттарын кыргызчалоо керек" деп демилге көтөргөндө, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын айрым депутаттарынын нааразы болгону бар.

Тил жөнүндө мыйзам парламентте каралып жаткан учурда да Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова мыйзам орус тилдүү жарандарга кыйынчылык жаратарын айтып чыккан.

Эркин журналист Эрнис Кыязов өлкөнүн өз тилин өнүктүрүү аракетине эмне үчүн Орусиянын жогорку кызмат адамдары теригет деп таң калды.

“Жөнөкөй сөз менен айтканда, “анын иши эмне?” Кыргызстанда кыргыз тили - кыргыздардын тили. Бул улутчулдук эмес. Өзүбүздүн мыйзамды өзүбүз жазабыз. Эч кимге зыян келтирген жокпуз. Кээде чочугансып эле Лавров сыяктуу Путинден кийинки төбөлдөр Кыргызстанды өзүнүн карамагындагы облусундай сүйлөгөнү мени намыстантат”, - деди Кыязов.

"Мыйзам кыргыз тилин өнүктүрүүгө гана багытталган"

Ал эми Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев мыйзам ириде кыргыз тилин өнүктүү үчүн багытталган жана эч кандай башка улуттагы мамлекеттик кызматкерлердин укугун тебелебейт деди.

"Мурунку мыйзамда "мамлекеттик иш кагаздар мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт" деп жазылган. Ошол "же" менен отуз жылдан бери кыргыз тили тебеленип келди. Азыр орус тилин чанып кеткен жокпуз, расмий макамы ошол боюнча сакталып калды. Кыргыз тилинин абалын, деңгээлин көтөрүү үчүн ушул мыйзамды кабыл алдык. Эгерде мен Кыргызстанда жашап жатсам, кайсы улуттан болсом дагы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегим келсе, кыргыз тилин билишим керек. Болбосо муну жөн гана тоготпостук деп эле айтам", - деди Осмоналиев.

Бишкек шаарынын вице-мэр Виктория Мозгачева мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынганга чейин эле кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып келгенин айтууда. Анын пикиринде, тил жөнүндө жаңы мыйзам мамлекеттик кызматкерлерге эч кандай кыйынчылык жараткан жок.

Виктория Мозгачева
Виктория Мозгачева

“Мыйзамды туура эле кабыл алдым. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамды мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер аткарууга тийишпиз. Көйгөй жараткан жагдайды көргөн жокмун. Жарандардын кайрылуусу жөнүндөгү мыйзам боюнча биз кайрылуу жазылган тилде жооп беришибиз керек. Орус тилинде келсе орусча, кыргыз тилинде кайрылса кыргыз тилинде жооп беребиз. Бирок ички документтерди жүргүзүүдө мамлекеттик тилде – кыргызча жүргүзгөнгө аракет кылабыз”, - деди ал.

17-июлда Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон болчу. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар дагы мамлекеттик тилде өткөрүлөт. Ошондой эле расмий документтердин жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик тилдеги нускасы түп нуска болуп саналат.

Мыйзамдын 32-беренесине ылайык мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар кирген. Конституцияда кыргыз тили мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ деп жазылган.

Кабыл алынган конституциялык мыйзамдын 2-беренесинде Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылары аныкталган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG