- Мелис мырза, кепти ачык булактардагы бир статистикалык маалыматтан баштайын деп жатам. Дүйнө жүзүндө баш-аягы 7 миңдей тилде сүйлөгөн түрдүү калк бар экен. Ал тилдердин айрымдары өнүгүп, өсүп, жаңы технологияларга ыңгайлашып, баралына келип турса, кайсы биринин күүгүмү кирип, жоголуп баратат. Ушунча түрдүү тилдердин спектринде кыргыз тили кайсы жерде турат? Анын ээлеген ордуна, абалына кандай мүнөздөмө бересиз?
- Жалпысынан дүйнөлүк статистиканы эске алсак, 7 миңдин тегерегинде тил бар дейт. Тактоо иретинде айтсак, ошол 7 миңдей тилдин 90% сүйлөгөн адамдардын саны өтө аз. Тилекке каршы, ал тилдерде 100 миңге жетпеген адам гана сүйлөйт. Демек, аз сандагы улуттар көп экен деген түшүнүк жаралып калышы мүмкүн. Бирок андай деле эмес экен. Кайсы бир улут көп сандуу болсо да өзүнүн эне тилинде сүйлөгөн өкүлдөрүнүн саны аз болуп калышы мүмкүн.
Кыргыз тилинин, кыргыз элинин жалпы дүйнөдөгү ордун карап көрсөк, ооба, биздин саныбыз өтө көп эмес. [Кыргыздардын санын] жалпы төрт миллиондун тегерегинде деп жүрөбүз. Кыргыз тилинде сүйлөгөндөр эми 100 миңден өйдөрөөкпүз (Дүйнөдөгү 7 миңдей тилдин 90% сүйлөгөн адамдар 100 миңден ашпайт деген статистикага карата айтылып жатат. Ачык булактардагы маалыматка ылайык, кыргыз тилинде сүйлөгөндөр 4 миллиондон ашат - ред.)
Бир өңүттөн караганда келечегибиз бар, келечектүү тилдердин бири десек болот. Бирок дагы бир маселе бар. Азыркы замандын талабына ылайык, тил жөн гана оозеки колдонуу менен гана чектелип калса, коом ичинде пикир алышуу куралы катары гана колдонулуп калса, анда мындай тилдин келечеги күмөн. Тил жазуу түрүндө да толугу менен иштеши керек. Демек, бардык мамлекеттик иш кагаздарда мамлекеттик тил катары иштеши зарыл. Бул жагынан караганда да биздин тил келечектүү.
Быйыл биз мамлекеттик тил макамынын алганынын 35 жылдыгын белгилеп жатабыз. Мамлекеттик катары биздин тилибиз кандай акыбалда дегенде суроодо бир аз маселелер бар. Мамлекеттик тил катары өзүнүн макамын алып, мамлекеттик иш кагаздарда жаманбы, жакшыбы өзүнүн ордун ээлеп келет. Эми биздин алдыбызда чоң маселе турат. Биз эми азыр технология өркүндөп жаткан заманда мамлекеттик тилибизди, анын аркасы менен жалпы мамлекеттүүлүк маселесин, деги эле дүйнө жүзүндө жалпы адамзаттын арасында кыргыз элинин келечектеги ордун көрө билишибиз зарыл. Анын биринчи кадамы тилден башталат.
Дагы караңыз
Мураталиев: Өзүбүздү таануу өз тилибизден башталат- Сиз алдыда айтып өткөндөй, 1989-жылдын 23-сентябрында Мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик деген макам ыйгарылган. Бул кыргыз тилинин тарыхында орчундуу окуялардын бири болгон. Сулайман Кайыпов сыяктуу мыйзам долбоорунун авторлору ошол кезде бул документ бир топ талаш-тартыш менен кабыл алынганын айтып жүрүшөт. Убагында түшүнгөндөр да, түшүнбөгөндөр да болуптур. “Орус тили эмне болот”, “кыргыз тилининин лексикону анчалык бай эмес” деп айткандар да болгон экен. Мыйзам кабыл алынгандан кийинки 35 жылга көз чаптырсак, кыргыз тили орус тилинин көлөкөсүнөн чыга алдыбы?
- Эми сиздин сурооңуздун саясатка түздөн-түз тиешеси болуп жатат. Бирок мен бир аз башка өңүттөн жооп берейинчи. Анан сурооңузга кайрылам.
Биринчиден, 1989-жылы Советтер Союзунун курамында турганыбызды, ошол кездеги акыбал, жагдайды эске алганда биз улут катары, мамлекет катары көз каранды болчубуз. Бул ачык эле айтыла турган сөз. Ошол учурда мамлекеттик тилди андан ары өркүндөтүү маселеси андан ары кандай жылары чындап келгенде абдан татаал болчу. Бирок түшүнбөстүктөр менен кабыл алды деп айтып жатпайсызбы.
Башка өңүтүнөн, тарыхый өңүттөн айтканда мен бир нерсени баса белгилеп келем. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Себеби 35 жыл мурда биздин тилибизге мамлекеттик тил макамы берилди деген сөз – бул бир аз чектелген түшүнүк. Себеби быйыл Кара-кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул азыркы мамлекеттүүлүктүн биринчи кадамы.
Биз жалпы адамзаттын тарыхында бир эле жолу мамлекет курган жокпуз да. Жалпы адамзатка, илимге белгилүү болгон маалыматтарга таянсак, биз азыр мамлекеттүүлүктүн төртүнчү доорун сүрүп жатабыз. Балким андан мурда да болгондур. Бул эми талаш маселе.
Бирок ошо мамлекеттүүлүктүн төртүнчү доорунда, жүз жыл мурун, 1924-жылы биз Кара-кыргыз автоном облусу деген макам алганыбыз өз алдынчалыктын башаты деп эсептелет. Мына ошондо да, мен билгенден, 1925-жылы мамлекеттик иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү маселеси коюлган. Ал кезде кыргыз тили мамлекеттик тил деген юридикалык макам албаса да ошондой маселе коюлган. Иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү деген алгачкы, бирден-бир талаптардын бири болгон. Ушунун өзү мамлекет куруу тажрыйбасынан кабар берет.
Мамлекетти куруу тажрыйбасы бар элдин алдыңкы өкүлдөрүнүн аң-сезиминде ушул түшүнүк мыйзам ченемдүү көрүнүш болду. Эгерде мамлекет куруу тажрыйбасы жок болсо аны ойлобойт эле. Мындай тажрыйба болгону үчүн тилибизди иш кагаздарда колдонуу, демек, жазууну өркүндөтүү маселеси коюлган. Бул көп нерседен кабар берет.
- Демек, тилди өркүндөтүүгө багытталган аракеттер 1989-жылга чейин эле башталган, бул багытта жетиштүү аң-сезим болгон деп эсептейсиз. Туурабы?
- Болгон. Болгону ошол кезде советтик идеологиянын таасири, анын багыты жана башка деген чоң себептерден улам бир аз аксап келдик. 1989-жылы мамлекеттик тил макамы берилди. Ошондон көп өтпөй союз тарап кетти. Ошондо ушул мыйзам жакшы эле күчүнө кирди. Жакшы эле маселелер каралды. Кийин ортодо дагы бир жолу бул мыйзамга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилген. Бирок кайсы бир деңгээлде толук кандуулукка жетпей калды.
Бул жерде бир нече себептер бар. Жеке менин пикиримде, биринчиден, Советтер Союзунун таасиринен бошонуп кетиш оорго турду. Себеби бир эмес, бир нече муун калыптанып калды.
Анан дагы бир нерсени баса белгилеп айтуу зарыл. Муну эсепке албай койсок, анда биздин алдыга жылышыбыз кыйын болот. Ошол Советтер доорунда калыптанган илим деген түшүнүк – бул өтө кенен түшүнүк. Илимсиз билим мүмкүн эмес. Билимсиз келечек мүмкүн эмес.
Мына ошол илим, билим, бардык билим булактары, маалымат булактары орус тилинде калыптанганы үчүн биз 1991-жылы эгемендүүлүктү алгандан баштап, дароо бул тилден баш тартып, толук кандуу өз алдынча өнүгүп кетебиз деген мүмкүн эмес эле.
Эгерде 1991-жылдан баштап жалпы мамлекеттик саясатта мамлекеттик тилге биринчи иретте басып жасалып, бардык билим тармагын, илим тармагын мамлекеттик тилге оодаруу маселеси коюлуп, ага жетиштүү деңгээлде каражат берилип, жетиштүү деңгээлде шарттар түзүлүп, ошондой иш жылса, анда балким башка мамлекеттердегидей өзүбүздүн эне тилибиздин мамлекеттик тил макамындагы орду татыктуу болуп, эч бир маселе жаралбайт эле.
Дагы караңыз Борбор Азиядагы эне тил көйгөйү, орус тил басымы- Демек, соңку 35 жылды ала турган болсок, тилге жетиштүү көңүл бурулбай калды деп эсептейсизби? Буга эмне себеп?
- Бурулган эмес. Менин түшүнүгүмдө болгон эмес. Эң эле жөнөкөй мисал айтайынчы. Жазуу түрү, бардык иш кагаздар, жарнамалар, аталыштар, көзгө көрүнгөн нерселер – мунун баары тил да. Ошонун баары мамлекеттик тилге өткөн жок. Бир эле жарнама эмес, бир эле мекемелердин аталыштары эмес, бир эле иш кагаздары эмес, ошол эле билим берүү системасы да толук кандуу өткөн жок да.
Бизде билим берүү тармагында көйгөй жараткан бир жагдай бар. Билим берүү тармагы өзү үч баскычтан турат. Биринчиси – мектепке чейинки бала бакча. Экинчиси – мектеп. Анан жогорку окуу жай.
Бишкекти алып карап көрөлү. Бул – борбор жана билимдин чордону. Борбордогу бала бакчалардын канчасы балдарды мамлекеттик тилде тарбиялайт? Балдардын тили да, аң-сезими да калыптанып жаткан куракта тарбия кайсы тилде жүргүзүлөт? Расмий статистикага ылайык, ошонун 30% мамлекеттик тилде, 60% эки тилде, 10% расмий тилде экен.
Бирок эки тилде тарбияланат деген бала бакчалардын жагдайын карап көргөндө, ал жерде негизги тарбиялоо тили расмий тилде болот. Жумасына эки гана жолу кыргыз тил сабагын киргизип койгон. Бала жумасына эки жолу кыргыз тилинен сабак алган күндө да тили, аң-сезими кыргызча калыптанбайт. Демек, мындай карап көргөндө 70% орус тилинде тарбияланат экен. 30% гана мамлекеттик тилде тарбияланат экен. Ал эми бала бакчага барбаган балдардын саны канча.
Анан ошол балдардын баары мектепке барат. Бала бакчадан тили, аң-сезими орусча калыптангандан кийин кыргыз тилдүү мектепке барганда биз дагы бир чоң көрүнүшкө туш болобуз. Ал жерде тили кыргызча чыкпаган, кыргызча түшүнбөгөн, аң-сезими башкача калыптанган балдар кыргыз тилинен билим алууга туура келгенде же билимден кабары жок, же тилден кабары жок болуп, бир-эки жыл абдан кыйналат, чайналат.
Ата-энелерде да маселе бар. Ата-энелер ошону көрүп туруп, “аа, балабыз кыйналып, өздөштүрө албайт жатат, демек, билим берүү тармагы начар” деп туруп, бир гана бүтүм чыгарат. “Кыргыз тилдүү мектептер жарабайт” дейт. Анан орус тилдүү мектепке берет. Маселе мектепте эмес, маселе баланын, анын тилинин жана аң-сезиминин калыптанышында.
Дагы бир маселе. Жаманбы, жакшыбы, бала мектепти мамлекеттик тилде окуп бүтүп, үчүнчү баскычка, жогорку окуу жайга келет. Ал жерге келгенде да бизде дагы бир маселе бар. Жогорку окуу жайларда билимдин 70-80% кайра эле расмий тилде берилет. Анын кыргыз тилиндеги мектепти бүтүп, кыргызча тили чыгып калган жаштарыбыз жогорку окуу жайга барып, кесиптин ээси болом дегенде ал жерде дагы бир жолу чайналат. Чайналып, же орус тилин өздөштүрө албайт, же билим ала албайт. Ошентип, жогорку окуу жайды эптеп бүтүп, кесиптин ээси болуп, дипломду алгандан кийин мамлекеттик кызматка өтө баштайт.
Мамлекеттик кызматка келгенде бизде мыйзам турат. Мамлекеттик кызматкерлерден кыргыз тилинде иш жүргүзүүсүн кайра талап кылабыз. Ушуга келгенде биз өзүбүздүн жаш кадрларыбызды кайра кыйнайбыз. Себеби жогорку билимдин чордону өзү расмий тилде. Азыркы замандын, жогорку технологиянын заманында, жаңы тармактар ачылып жаткан шартта билим берүү тармагын мамлекеттик тилге оодаруу жагы жөнгө салына элек.
Кайра эле расмий тилге муктажбыз. Билимдин мыкты адиси болгондор мамлекеттик тилди өздөштүрбөйт. Бирок кесиби мыкты. Анан ошол кызматкерлерди биз эмне кылып жатабыз? Кыйнап жатпайбызбы. “Сен тилди билбейсиң” деп жумуштан айдан жатабыз. Бул дагы туура эмес. Бизге кадр керекпи, же бир эле тил менен чектелебизби? Жок, баарын тең алып кетишибиз керек. Эгер мамлекеттик тилди талап кылсак, анда билимин кошо алып кетишибиз зарыл. Бул талдоого алынбаган нерсе. Билим дегенде ал бардык баскычтарына шайкеш болушу керек. Биз үч баскычтуу билим тармагында балдарыбызды үч жолу кыйнап жатабыз.
- Сиз кырдаалды жакшы талдап бердиңиз окшойт. Сиз президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалганыңызга жарым жылдан ашып калды. Маселе бар экенин өз кебиңизде белгилеп жатасыз. Ушул маселелерди чечүүдө сиз эмне кыла аласыз? Сиз кандай салым кошо аласыз? Бул багытта мамлекеттик деңгээлде канчалык жетиштүү иш жүргүзүлүп жатат?
- Биринчиден, өзүм кыла алам дегенден алысмын. Себеби бул жерде мен жалгыз эмесмин. Бизде кадимкидей комиссиянын аппараты бар. Бизге караштуу мекемелер да бар. Бирдиктүү саясат жүргүзүүдө анын баары эске алынышы керек. Мисалы энциклопедия, терминология, ономастика боюнча өзүнчө борбор бар. Окуу борборубуз бар. “Кыргызтест” деген мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерип, сертификат бере турган мекемебиз бар.
Алдыбызда буга чейин мен айтып өткөн чоң маселелер бар. Билим берүүнүн мамлекеттик тилде болуусун жөнгө салуу – биринчи, алдыңкы маселелерибиздин бири. Экинчиден, азыркы санариптешүү доорунда биз заманбап технологияларды колдонууга байланыштуу бир нече долбоорлорду жүргүзүп жатабыз. Азыр момундай болду деп айта албайм. Бирок аракеттер бар.
Мисалы президент тараптан өзүнчө фонддон каражат бөлүнүп, тил корпусун ишке киргизүү аракеттери башталды. Бардык мамлекеттер муну эбак жөнгө салып, ишке киргизген. Болгону азыр санариптешүүнүн ыкмаларынын жардамы менен ошол ишти баштадык. Тил корпусу түзүлсө, анын жана тил корунун негизинде көптөгөн, жеңилдетилген продуктуларды чыгарсак болот. Азыр программалык камсыздоону кыргызчага которуу боюнча борбор иштеп жатат.
Дүйнөлүк деңгээлде тил үйрөнүүнү жеңилдеткен Duolingo деген мобилдик тиркеме бар. Тилекке каршы азыр геосаясий жагдайдан улам биз ошол тиркемеге кире албай койдук. Себеби Google чектеп койду. Орусияга чектөө койгондон кийин аны менен алакалаш болгондорду да чектеп коет экен. Биз ошого кирип кетиптирбиз.
Ошондуктан биз Duolingo тиркемесине кирбесек да анын аналогу сыяктуу өзүнчө мобилдик тиркеме иштеп чыгып, азыр тесттик режимде турат. Буюрса ушул айдын этегинде биз жалпы элибизге тартуулайбыз. Чет өлкөлөрдөн болобу, сырттан болобу, тилди үйрөнгөнгө ыңгайлуу колдонмо болот. Ушул сыяктуу бир нече долбоорлор бар. Азыр санарип ыкмаларды колдонуу менен тилди үйрөтүү боюнча иштер бар.
Андан сырткары кыргыз тилинде контент жаратуу – бул чоң маселе. Ошол эле интернетте, YouTube сыяктуу түйүндөрдө деги эле кайсы курактагы адам болбосун, кайсы тармакка кызыкпасын, негизги билим булагы же англис же орус тили болуп жатат. Кыргыз тилинде ошол маалыматтарды сунуштаган контент аз. Өтө эле аз. Демек, ошол жакка көңүл бурулушу керек.
Тили жаңыдан калыптанып жаткан бөбөктөрүбүзгө кыргыз тилинде контент жаратуу – бул алдыдагы чоң маселелердин бири. Бул маселе биздин улуттук программада да каралган. Бирок жетишсиз болуп жатат. Буюрса ошонун баарынын көлөмүн көбөйтүп, каржылоосун да көбөйтсө, анда биз алар менен теңтайлашпасак да, бирок жетишерлик деңгээлде контент жаратсак, анда биздин балдарыбызга тили калыптанып жатканда бир топ жардамчы болот.
- Туура маселени белгилеп кеттиңиз. Кыргыз тилиндеги контенттин аздыгын өзгөчө чет жакта жүргөн кыргыздардан көп угуп калабыз. Дагы бир жагдайга токтолгум келип жатат. Бир тил билген жакшы, көп тил билген андан да жакшы эмеспи. Кыргызстандын саясий жетекчилиги деле кыргыз тилди билүү менен кошо орус тилин билели, башка тилдерди да үйрөнөлү деп айтып келе жатат. Бирок 2023-жылы “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам талкууланып жаткан чакта Орусия тараптан сын-пикирлер айтылганын, бул маселе геосаясий маселеге айланып кеткенин көрдүк. Албетте, сиз саясий маселе деп сыпаттап жатасыз. Сизге чейин комиссияны жетектеген Каныбек Осмоналиевдин биз “дагы эле кылчактап, тияк-биякты карап жатабыз” деп айтканы эсиме түшүп жатат. Ушундай геосаясий жагдайлар, же болбосо Орусиядагы риторика кыргыз тилин дагы өнүктүрүүгө кедергисин тийгизбей элеби?
- Жок, менин түшүнүгүмдө. "Канча тил билсең, ошончо дил билесиң" дейт. Бүгүн биз англис тилине муктажбыз. Эгерде өнүккүбүз келсе, англис тилин өздөштүрүшүбүз керек. Себеби бардык тармактар боюнча дүйнөлүк жаңылыктар, ачылыштар ошол дүйнөлүк тилде тез тарайт.
Биз мамлекеттик тилибизди ошол дүйнөлүк тил менен теңтайлаштыра албасак да жок дегенде ошол маалыматты дароо мамлекеттик тилге которуп, ошондой бир база түзүү маселесин карашыбыз керек.
Жашырганда эмне, расмий тил деп эсептелген орус тилинен баш тартып, аны колдонбойбуз деп коюу менен эч маселе чечилбейт. Себеби учурда билим алуунун негизги тили ошол тил болуп жаткандан кийин андан баш тартып койсоң, бул өзүң чыгып алган бактын бутагын кыйганга барабар. Өзүбүздүн тамырыбызды өзүбүз кыркканга барабар. Түз мааниде болбосо да кыйыр мааниде айтканда.
Себеби өнүгүү билимге байланышкан. Эгер биз өзүбүз билим жараткан эл болсок, маселе болбойт эле. Анда өз тилибизде ошол билимди, терминдерди жаратып коюп, керек болсо дүйнөгө сунуштасак эң сонун болмок. Андай эмес да. Биз азыр дүйнөдө кандай өнүгүү болуп жатса, биз ошону колдонуучу катары көп нерсеге муктажбыз. Ошол эле илим, технология, ошол эле компьютер, жаңы коммуникация технологиялары. Ошол эле медицинада биз көп нерсеге муктажбыз да.
Муктаж болгондон кийин ошол нерселерди өздөштүрүүдө, окутууда, таанытууда кайсы тил колдонулат? Эгерде биз мыкты болсок, анда дүйнөлүк булактан түз өзүбүздүн тилибизге которуп алсак, ошону толук кандуулук менен бала бакчалардан баштап, жогорку окуу жайларга жана академияга чейин, администрациядан баштап айыл өкмөтүнө чейин камсыздасак, анда маселе жок. Ага биз жетише элекпиз. Ошого барышыбыз керек. Тил саясатын жүргүзүүнү ушул жагынан караш керек. Биз мамлекеттик тилибизди ошондой деңгээлге алып чыгышыбыз керек. Аны башка бир тилден баш тартуу менен эмес, өзүбүздүн тилибизди өнүктүрүү аркылуу ишке ашырыбыз кажет.
Же болбосо дүйнөлүк тил болгон англис тилин кошо өздөштүрүшүбүз керек. Себеби ал дагы жардамчы катары болот. Бирок эч качан унутпашыбыз керек, башка тилге артыкчылык берип, өзүбүздүн тилди өнүктүрбөй коюу – бул чыккынчылык болот. Ошондуктан биринчи орунда мамлекеттик тилди өздөштүрүү, экинчи иретте жардамчы катары башка дүйнөлүк интеграцияга жол чапчу тилдерди кошо алып кетүү ашыктык болбойт.
Дагы караңыз Тил саясаты: Бишкектин чечими, Кремлдин таасири- Мелис мырза, Прагадагы “Борбор Азия форумунда” “Азаттыкка” ат жалында маек курганыңыз үчүн рахмат. Акырында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүндө кыргызстандыктарга тил маселесине байланыштуу кандай сөз айткыңыз келмек?
- Бир гана нерсени айткым келип жатат. Кыргызда “өзүн сыйлабаган өзгөнүн сыйына жетпейт” деген бир накыл кеп бар. Ошондуктан биз келечекте дүйнө дейбизби, коңшулар дейбизби, башка бир мамлекеттер бизди сыйласын десек, алар менен тең ата болгубуз келсе, анда биз эң биринчи кезекте өзүбүздү сыйлаганды үйрөнүшүбүз керек. Өзүбүздү сыйлоо деген эмне? Бул өз тилиңди, өз маданиятыңды, өзүңдүн салт-наркыңды, өзүңдүн тамырыңды таануу деген сөз.
Ооба, дүйнөдөн өзүнчө бөлүнүп кете албайбыз. Бирок дүйнөдө биз ким экенибизди таанытып, көрсөтө алсак, өзүбүздүн өздүгүбүздү деп коелучу, иденттүүлүк маселесин бекемдеп алып туруп, ошону өркүндөтүү менен, албетте, дүйнөдөн өнүгүүгө керектүү нерселерди алуу менен ким экенибизди унутпай, өз жолубуз менен өнүксөк, ошондо эч кандай маселе жаралбайт эле.
Ошонун башатында, албетте, тил турат. Тил кайсы элдин болбосун, кайсы улуттун болбосун, ошол элдин жаны менен барабар, анын тамыры менен барабар. Тамыр деген ошол. Тамырдан азык алуу деген сөз – бул сенин тарыхыңдан, сенин турмуштук тажрыйбаңдан кабар алуу деген сөз.
Өзүбүздүн тарыхыбызды, өзүбүздүн турмуштук тажрыйбабызды тилибизге, сөзүбүзгө, макал-лакаптарыбызга, фольклорубузга, “Манаска”, дастандарга, жада калса, каада-салт, үрп-адаттарга катабыз. Ошол кыймыл-аракеттерди билдирген түшүнүктөрдүн баарын сөз менен билдирип жатпайбызбы. Сөздү таанысак, тилди таанысак, тил аркылуу өзүбүздүн ким экенибизди тааныйбыз. Ошон үчүн келечекте өзүбүздүн ордубузду бийик жерде көргүбүз келсе, анда өзүбүздү тааныйлы. Өзүбүздү таануу өз тилибизден башталат.
- Маегиңиз үчүн рахмат!