Мамлекеттик ипотека: 20 миң батир курулууда. Кезекке тургандар 32 миңден ашты

Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан үйлөрдүн бири. Жалал-Абад, Кыргызстан.

Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы отчётунда 20 миң батирлүү 400дөн ашуун үй салып жатканын билдирип, бул Кыргызстан эгемендик алгандан берки эң масштабдуу курулуш өнөктүгү экенин жар салды. Мунун ичинен 100дөн ашык турак жайы же 6 миңден ашык батири быйыл пайдаланууга берилет экен.

Ошол эле маалда батир алууга кезекте тургандар 32 миңден ашты. Үй алууну каалагандар жана депутаттар ипотекалык батирлерди берүүдө күмөндүү механизмдер бар экенин, айрымдар кезектен секирип, кээлери артка жылып кетип жатканын билдирүүдө.

Батирлер жана шарттар

Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу боюнча ишке ашып жаткан “Менин үйүм” программасынын учкай жыйынтыктары Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун 20-сентябрдагы жыйынында маалым болду.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов анда жасаган баяндамасында компания 2020-жылга чейин жарандарга даяр үйлөрдү алып берүү менен иштеп келгенин, 2021-жылдан бери үйлөрдү өзү куруп баштаганын белгиледи.

Бул аралыкта курулуп баштаган үйлөрдүн алды бүтүп пайдаланууга берилсе, көпчүлүгүн куруу иштери уланууда:

Нурадил Баясов

“Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания 20 714 батирлүү 443 үйдү куруунун үстүндө иштеп жатат. Жалпы жашоо аянты 1,308 миллион чарчы метрди түзөт жана бул долбоорлордун болжолдуу баасы 70,771 млрд сом деп бааланган. Анын ичинде 2024-жылы 126 турак жай же 6632 батир курулуп бүтүп, ишке берилгени турат. Мунун болжолдуу баасы 23,361 млрд сомду түзөт. Бүгүнкү күндө каржылоо курулуш иштеринин 32%ын гана жабат. Совет доорунан бери мындай ири курулуштар болгон эмес. Мунун баары президентибиздин тиешелүү саясатыбыздын негизинде ишке ашууда”, – деди Нурадил Баясов.

МИК 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Башында бюджеттин эсебинен гана каржыланса, кийинчерээк башка финансы булактарынан акча карала баштаган.

Жалпы тогуз жылдык ишинде компания 9621 адамга 16,4 млрд сомдук ипотекалык насыя берген. Анын ичинде “Арзан турак жай — 2015-2020” программасынын алкагында 5 миң 430 киши, “Менин үйүм — 2021-2026” программасынын алкагында 4 миң 191 киши турак жай алышкан.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ипотека берүүчү багыттары.

Ушул тапта “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” багыттары боюнча насыялар 4% менен жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча 8% менен берилүүдө. Кийин сатып алуу менен ижарага берүү 4-8%, үлүштүк курулуш шарты менен берүү 8%, топтоочу ипотека 10% жана Германия өнүктүрүү банкы (KFW) каржылаган багыт менен 8%дан берилүүдө. Мында ар бир багыт ар кандай социалдык катмарларга багытталган жана шарттары да түрдүүчө.

Компания каражаттын негизги бөлүгүн бюджеттен алып жатса, үйлөр мыйзамсыз менчиктештирилип, кийин мамлекетке кайтарылган жерлерге курулууда. Президент чыгарган жарлыкка ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания ал тилкелерге курган турак жайлардын чарчы метринин баасы 650 доллардан же 55 500 сомдон болору айтылган.

Депутат Мирлан Самыйкожо ага карабай батирлер кымбат берилип жатканын айтты:

Мирлан Самыйкожо

“Үйлөр салынып жатканын, элге берилип жатканын да көрүп жатабыз. Ошол эле учурда кандай баалар менен кетип жатканы да коомдун көз алдында. Азыр сиздер колуңуздарда бар акча жалпы долбоорлордун 32% гана жабат деп жатпайсыздарбы. Демек, калганына акча табыш керек экен да. Ошону үчүн үлүштүк багытта да тартыш керек, ал сөзсүз керек. Бирок бул багытта сөз кылганыбызда “18-кабаттан өйдө батирлердин чарчы метри 950 доллардан сатылып жатат” деп комментарийлерде жазып жатышат”.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги үлүштүк курулуш шарты менен берилип жаткан батирлердин чарчы метри 950 доллардан сунуш кылынып жатканын моюнга алды. Ал мындай сунуш чет өлкөдө иштеген жарандарга сунушталып жатканын белгилеп, муну компаниянын ишин илгерилетүү үчүн кошумча киреше табуу максаты менен түшүндүрдү. Анын сөзүнө караганда, мындай жол менен болгону 2 обьектидеги батирлердин 30% сатылып жатат.

Кезек түйшүгү жана күмөндүү жагдайлар

Негизи Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөндөн бери эле андагы кезектерге байланыштуу нааразылыктар чыгып келген. Анын ичинде бир тобу кирешеси жетишсиздигинен жазыла албай жатканын айтып чыгышса, башкалары кезектен артка жылып, же кезеги такыр жылбай жатканына даттанып жүрүшкөн.

Ушул күндөру “Азаттыкка” кайрылган жаран анын кезеги улам-улам жылып кетип жатканына жазды. Ал өзү мамлекеттик кызматкер экенин белгилеп, аты-жөнүн жана үнүн чыгарбоону өтүндү.

“Мага бүгүн эртең менен Мамлекеттик ипотекалык компаниядан чалып, тез арада келип кет дешти. Мен өзүм мамлекеттик кызматта иштейм, 1 кызым бар, ал майып. Өзүм жалгыз бой энемин. Кезекте 19-орунда тургам. Барсам алар Жал кичирайонундагы бүтпөгөн турак жайдан ремонту жок батир сунушташты. “Менин айлыгым аз болсо, майып кызым менен кантип ремонт кылам” деп баш тартсам, алар “анда кезектен чыгарып коёбуз” дешти. Башка жактарда, анын ичинде №47 абактын ордуна салынып жаткан үйдөн батир бергиле десем “аларда калбай калды” деп жатышат”, – деп жазды “Азаттыктын” окурманы.

Жогорку Кеңештин 19-сентябрдагы жалпы жыйынында да ушул эле маселе көтөрүлгөн. Анда депутат Элдар Абакиров ипотеканы мугалимдер ала албай жатканын айтса, эл өкүлү Султанбай Айжигитов анда күмөндүү жагдайлар бар экенин айткан:

Султанбай Айжигитов

“Бул компаниянын концепциясы башында бюджеттик мекемелерде иштегендерге багытталган болчу. Алар айлыгынын аздыгынан коммерциялык банктар аркылуу ипотека ала албай жатканы үчүн же курулуш компанияларынан үй сатып ала албай жатышканы үчүн так ушул Мамлекеттик ипотекалык компания уюшулган эле. Бирок бүгүнкү күндө бул кадимки эле коммерциялык уюм болуп калды. Коюлган кезеги, шарттары жана башкалары биринчи кезекте коммерциялык максатта үй алгысы келгендерге берилип, анан калгандарын гана бюджеттик мекемеде иштегендерге сунуштап жатышат. Көп балалуу болсо деле 1 бөлмөлүү үйлөрдү сунушташууда. “Аны ала албайм” десе, “анда баш тартып, арыз жазып бер” деп талап кылышат экен. Айтор, мында кандайдыр бир күмөндүү махинациялар болуп жатат. Муну көңүлгө алыңыздар, ал жерде жакшы эмес иштер жүрүп жатат. Эгер коммерциялык багытта акча табабыз десеңер анда ага өзүнчө компания түзгүлө. А мамлекеттен бөлүнгөн акчаны силер жалаң мамлекеттик мекемеде иштеген, айлык-маянасы аз адамдарга үй алып бергиле”, – деди Айжигитов.

18-сентябрга карата Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын базасында кезекте тургандардын саны 32 393 адамды түзөт.

Ипотекалык насыя алууга арыз бергендердин кезеги жөнүндө маалымат.

Мунун 18695и Бишкек шаарынан, 5443ү Чүй облусунан, 2299 Жалал-Абад облусунан жана 1797си Ош шаарынан. Калган аймактарда кезекте тургандар миңдин тегерегинде.

“Элдик” депутаттык тобунун 20-сентябрдагы жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов кезек тартибин так сактоого чакырды:

Кундузбек Сулайманов

“Кезек маселесин жакшылап карагыла. Адамдар алдыда кезекте туруп, анан артка жылып кетип, же үй ала албай чуу чыкса президентти уят кылып коёсуңар. Мага кечээ күнү Чүй облусунун тургуну кайрылды. Ал Бишкекте 270-орунда кезекте турат экен, бирок ага “Бишкектен ала албайсың, Чүй облусунан үй аласың” деп коюшуптур. Ага чейин борбор калаанын дагы бир тургуну кайрылган. Ал “Мамлекеттик ипотекалык компаниясында 1,5 миңдин ичинде кезекте болсом, 4,5 миңинчи кезектен ары жылдырып салыптыр” деп арыз-муңун айтты. Бишкек шаарынын дагы бир тургуну 372-кезекте турган экен, аныкы да артка жылып кетиптир. Ушул жагына жакшылап көңүл бурсаңыздар”.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилиги болсо кезекке тургандар мурдагыдай кагаз менен катталбай, онлайн түрдө атайын порталга киргизилип турарын, ким мурун катталса ошого биринчи турак жай берилип жатканын билдирүүдө. Мекеме ошол эле мезгилде катар номери ар башка болгону менен адамдардын кезеги насыялардын түрүнө карата ар түрдүү жылышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов депутаттык топтун жыйынында буларга токтолду:

“Бардык процесстерибиз санариптешип жатат. Мында ар бир кызматкердин, ар бир адамдын порталга кирип чыкканы минутасына, секундасына чейин сакталып калат. Жеке кабинети аркылуу ар бир адам өзүнүн кезегин текшерип тура алат. Ошондуктан бул тизмени бирөө өзгөртүп, кимдир бирөөнү жылдырып коюуга мүмкүнчүлүгү жок. Керек болсо укук коргоо органдары келип текшерсе да баарын көрсөтүп беребиз. Маселе болгону ипотекалардын түрүно байланыштуу гана чыгып жатат. Мисалы, “Социалдык ипотека” 2023-жылдын июнь айында башталган. Ага кошулган киши тизмеде 1-орунда, 50-орунда же 100-орунда болушу мүмкүн. Анан алар “биз жакындап калдык, мына үй алганы жатабыз” деп ойлошу мүмкүн. Бирок аларга чейин эки жыл мурда башталган “Жеткиликтүү ипотека” жана “Жеңилдетилген ипотеканын” тизмесинде да 4-5 миңден киши бар. Ошондуктан алардын баарын пропорционалдуу түрдө бөлүп, үй берип жатабыз. Нааразы болгондор бизге келсе катталган убактысын, минут-секундасына чейин көрсөтүп, башкалар эмне үчүн алдыда алып жатканын түшүндүрүп берип жатабыз. Анын баарын көргөндөр макул болуп, ынанып жатышат”.

Президент Садыр Жапаров быйыл жыл башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыз кылууга багытталган жарлыкка кол койгон. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштай турганын билдирген.

Мамлекеттик ипотекалык компанияга ар бир аймакта үй куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринин аянты.

Президент ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктап, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасын койгон. Март айында Мамлекеттик ипотекалык компания өзү Президенттин иш башкармалыгына өткөн.