Еврокомиссиянын төрайымы Киевге барды

Урсула фон дер Ляйен.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен бүгүн 20-сентябрда Украинанын борбору Киевге Европанын колдоосу, кышка даярдык, коргонуу жана G7 насыялары боюнча маселени талкуулоо үчүн барганын билдирди.

"Менин Киевге сегизинчи сапарым кышка карата жылытуу мезгили жакындаган маалда болууда. Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасын талкалоону максаттуу улантууда", - деп жазды ал X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Еврокомиссиянын башчысы Украинага 20-сентябрда барары, өлкө президенти Владимир Зеленский менен жолугары буга чейин кабарланган.

19-сентябрда Евробиримдик Украинанын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, чукул гуманитардык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 178 миллион доллар бөлүп бергени жатканы, бул сумманын бир бөлүгү Орусиянын камакка алынган активдеринен түшкөн акчадан алынары белгилүү болгон. (RK)

Дагы караңыз

“Росатом” ишканасы “Туюк-Суудагы” уран калдыктары быйыл ташылып бүтөрүн билдирдиИзраил "Хезболланын" Ливандагы объектилерине сокку урдуБишкекте жыл аягына чейин 2 миңден ашык батир ипотекага берилет“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору боюнча коммерциялык макулдашууга кол коюлат