Президент сот системасындагы реформа уланарын билдирди

Садыр Жапаров. 20-сентябрь, 2024-жыл. Бишкек

Президент Садыр Жапаров соттордун көз карандысыздыгын, сот тутумундагы ачык-айкындыкты камсыз кылуу үчүн бул системаны реформалоо уланарын билдирди.

Мамлекет башчы 20-сентябрда Кыргызстандын сот тутумунун 100 жылдыгына арналган иш-чарада адилеттүүлүк болмоюнча жарандардын ишенимин арттыруу жана коомдун туруктуулугун камсыздоо мүмкүн эместигин айтты.

"Сот адилеттиги - жарандардын укуктары менен эркиндигин коргоонун кепилдиги, элдин бийликке болгон ишениминин негизи. Сот тутумун санариптештирүү иштери, судьялардын иштерин баалоо, судьяларды тандоодо адам факторлорун жоюу, коррупциялык көрүнүштөрдөн толук арылуу, соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу сыяктуу маанилүү иштерди жүзөгө ашырабыз. Мунун бардыгы сот тутумундагы ачык-айкындыкты камсыз кылып, реформаларды аягына чыгарууга өбөлгө болот", - деди Жапаров.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, сот тутумунун 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Бишкекке тогуз өлкөдөн 12 делегация келген. Аларды ушул эле күнү "Ынтымак ордодо" президент Садыр Жапаров кабыл алып, укуктук мамлекеттин калыптанышына сот тутумунун салымы чоң экенин белгиледи.

Кыргызстанда Жогорку Сот алгач 1924-жылдан түптөлө баштаган. Ошол кезде Түркстан бөлүнүп, Кара-кыргыз Автономдуу Облусу болуп кайра түзүлгөн эле. Ал учурда Кыргызстанда төрт округ болуп, элдик соттун 23 участкасы иштей баштаган. Ошондон тарта Жогорку Соттун тарыхы башталат.

Кыргызстан эгемен болгондон тартып сот тармагын реформалоого аракет кылып келет. 2022-жылдан тартып аймактарга Сот адилеттик үйлөрү ачыла баштаган.

Соңку учурда айрым бир чуулгандуу окуялардан, коррупцияга шек саналып кармалган судьялардан, Жогорку Соттун жарандардын тынч жыйындарга, митингдерге чогулуу укугун чектеген чечимдеринен улам сот тармагына нааразылык айтылган учурлар бар. (КЕ)

Дагы караңыз

Израил "Хезболланын" Ливандагы объектилерине сокку урдуБишкекте жыл аягына чейин 2 миңден ашык батир ипотекага берилет“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору боюнча коммерциялык макулдашууга кол коюлат«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Курмашева эл аралык сыйлыкка татыды