Ливанда аралыктан жардыруунун экинчи толкуну кеминде 20 адамдын өмүрүн алды

Ливан. Бейрут. 2024-жылдын 18-сентябры.

Ливанда 18-сентябрдын кечинде байланыш каражаттары жапырт жарылган экинчи чабуул кеминде 20 кишинин өмүрүн алып, дагы 450дөй кишини жарадар кылганын өлкөнүн расмий органдары тастыктады.

Бул жолу борбор калаа Бейрутта «Хезболла» жоочулар тобунун кеңсесинде топтун мүчөлөрү колдонуп жүргөн рациялар жарылганын, ушундай эле жарылуу өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактарында катталганын күч органдарындагы булактар билдиришти.

Иран колдогон ливандык «Хезболла» тобунун союздашы, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу эки күндөн берки тымызын чабуулдар үчүн Израилди айыптап, соңку кырдаал аймактагы туруктуулукка коркунуч жаратып жатканын билдирди.

Ливан өкмөтү да, «Хезболла» да Израилди айыпташты.

Израил эч кандай комментарий бере элек, болгону, соңку билдирүүлөрүнүн биринде ХАМАСка каршы согушунун максаттарын кеңейтип, «Хезболланы» да кошуп жатканын гана маалымдаган.

18-сентябрда Израилдин коргоо министри Йоав Галант согуштун жаңы фазасы башталып жатканын, ал эрдикти, чечкиндүүлүктү талап кыларын айтып, Ливандагы окуялар тууралуу эч нерсе деген жок, бирок армиянын ишин мактап, “жыйынтыгы абдан таасирдүү болууда” деп белгиледи.

Ошол эле күнү «Хезболла» израилдик артиллерия турумдарына ракеталык сокку урганын жарыялаган.

Андан бир күн мурда, 17-сентябрда Ливандын айрым аймактарында, айрыкча борбор калаа Бейрутта пейжерлер жарылып, кеминде 12 кишинин, арасында эки баланын өмүрү кыйылган, 3000дей киши жараат алган.

АКШ тараптарды кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө чакырууда. Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жон Кирби журналисттерге: "Биз азыркы түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолу кошумча аскерий операцияларды жүргүзүү деп эсептебейбиз" деди.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана түндүк тилкесиндеги Ливан менен чек арасында ХАМАСтын союздашы «Хезболлага» каршы согушууда.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери сектордо каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты. (RK)

Дагы караңыз

Лейлекте эки мектепте окуу башка имаратта өтүп, Баткен шаарында бир мектеп онлайн окуп жататУкраина тогуз облусу Орусиянын дрон, ракета чабуулуна кабылганын билдирдиТашиев Ош-Ноокат жолун куруу мөнөтүнөн кечиксе чара көрүлөрүн айттыАлга Кылычов ооруканадан кайра тергөө абагына которулду