Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Лейлекте эки мектепте окуу башка имаратта өтүп, Баткен шаарында бир мектеп онлайн окуп жатат


Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Баткен облусунун Лейлек районунда "Келечек" жана "Жаш тилек" мектептеринин курулушу бүтпөй, окуучулар көчөдө окуп жатканын парламенттин 19-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү бюджеттен каржыланып, 2024-жылы бүтүрүү керек болгон тизмеге кирген менен мектептин курулуш иштеринде жылыш болбой жатканын белгиледи.

"Келечек", "Жаш-Тилек" мектептердин курулушу жай жүрүп жатат. Мамлекеттик курулуш агенттигине июнда кат менен кайрылгам. Сентябрда дагы кайрылып, ал жоопко караганда төрт айда жылыш болбоптур. Балдар эшикте окуп жатат", - деди Ажибаев.

Баткен облустук усулдук борборунан бул маалыматты "Азаттыкка" ырастап, курулуш иштери жүрүп жатканына байланыштуу эки мектепте окутуу башка имараттарда уюштурулганын билдирди. Окуучулар кандай имараттарда окуп жатканын тактаган жок.

Мындан сырткары Баткен шаарындагы бир мектеп курулуш жүрүп жатканына байланыштуу онлайн окуп жатат.

Таластын Кең-Арал айылындагы мектептин имаратынын курулуш иштеринин кечеңдешине байланыштуу окуучулар жаңы окуу жылын медресе, кафенин имаратында баштоого аргасыз болушкан. Курулуш иштери бюрократиялык маселелерден улам кечеңдегени айтылууда.

Кыргызстанда 2397 мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 млн 480 миңден ашуун бала окуйт. (КЕ/JsA)

XS
SM
MD
LG