Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

Ташиев Ош-Ноокат жолун куруу мөнөтүнөн кечиксе чара көрүлөрүн айтты


Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунда. УКМК 18-сентябрда тараткан сүрөт
Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолунда. УКМК 18-сентябрда тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат автожолунун курулушунан кабар алып, жол айтылган мөөнөттө бүтпөсө чара көрүлөөрүн айтты. Бул тууралуу атайын кызмат 18-сентябрда билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта, Камчыбек Ташиев көпүрөлөрдүн жана жолдун курулушу буга чейин белгиленген мөөнөттө - 30-октябрга чейин бүтүшү керектигин эскертип, сапатка да көңүл буруу керектигин билдирген.

Ош-Ноокат автожолун куруу 2016-жылдан бери көтөрүлүп келет. Буга чейин Жапониянын JICA агенттиги жолду 50 млн долларга оңдоп-түзөөдөн өткөрө тургандыгы айтылып, жол четиндеги 200дөн ашык курулуш сүрдүрүлгөн.

2023-жылы аталган жолдун биринчи катмарына асфальт басылып, көп узабай жергиликтүүлөр анын сапатына нааразылыгын билдиришкен. (MKt)

XS
SM
MD
LG