Аба ырайы: тоолуу аймактарда жаан жаайт

20-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 26…28° жылуу болот.

Дагы караңыз

Лейлекте эки мектепте окуу башка имаратта өтүп, Баткен шаарында бир мектеп онлайн окуп жататУкраина тогуз облусу Орусиянын дрон, ракета чабуулуна кабылганын билдирдиТашиев Ош-Ноокат жолун куруу мөнөтүнөн кечиксе чара көрүлөрүн айттыАлга Кылычов ооруканадан кайра тергөө абагына которулду