Украина тогуз облусу Орусиянын дрон, ракета чабуулуна кабылганын билдирди

Украина.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 19-сентябрга караган түнү бир нече аймагы Орусиянын дрон жана ракета чабуулуна кабылганын билдирди. Абадан коргонуу системасы тогуз облуста – Днепропетров, Киев, Винница, Житомир, Ровно, Черкассы, Кировоград, Николаев жана Херсон аймактарында иштеди.

Башкарылуучу зениттик С-300/С-400 ракеталарынан үчөө, Х-59/69 башкарылуучу авиациялык ракетасынан бирөө, Shahed дрондорунан 42си учурулганы, учкучсуз учактардын баары атып түшүрүлгөнү, зениттик ракета менен сокку Харьковго урулганы маалымдалды.

Запорожье обулусунда, аймактын башчысы Иван Федоров билдиргендей, орус аскерлеринин авиа соккусунан бир аял каза болду, эки киши жараат алды.

Харьков облусунда Купянск шаарына урулган соккудан 50-85 жаштагы алты киши жараат алганын аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов айтты.

Орусия түндө Украина тараптан учурулган үч согуштук дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Оруc бийлиги 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын куралдын көптөгөн түрү менен жасалып жаткан соккуларын атайын чабуул катары баалоодо. (RK)

Дагы караңыз

Лейлекте эки мектепте окуу башка имаратта өтүп, Баткен шаарында бир мектеп онлайн окуп жататТашиев Ош-Ноокат жолун куруу мөнөтүнөн кечиксе чара көрүлөрүн айттыАлга Кылычов ооруканадан кайра тергөө абагына которулду"Кызыл-Кыя машина куруу заводу" мамлекеттин балансына кайтарылды