"Кызыл-Кыя машина куруу заводу" мамлекеттин балансына кайтарылды

УКМК тараткан сүрөт. 19-сентябрь. "Кызыл-Кыя машина куруу заводу"

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү бар Баткен облусундагы Кызыл-Кыя машина куруу заводу Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына кайтарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 19-сентябрда карбарлады. Расмий маалыматка караганда, аталган заводун жеке жактарга өткөрүп берүү фактысы аныкталган. Аталган заводдун жалпы аянты 22,89 гектар, болжолдуу баасы 4 млрд.74 млн. 650 миңден ашуун сомду түзөт.

УКМК ушул эле күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы дээрлик 289 млн сомдук ун чыгаруучу заводдун жанаша жер тилкелери менен имараттары мамлекеттин балансына кайтарылганын кабарлады. Маалыматта Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызмат адамдары тарабынан ун чыгаруучу заводдун объектилерин мамлекеттин менчигинен алуу учурундагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кайтарылганы белгиленген.

УКМК тараткан сүрөт. 19-сентябрь. Балыкчы шаарындагы ун чыгаруучу заводу

Буга чейин Атайын кызмат Балыкчыдагы, Токмоктогу, Өзгөндөгү автобекеттер, Сокулуктагы менчиктештирилип кеткен мектептер мамлекетке кайтарылганын кабарлаган. (КЕ)

Дагы караңыз

11 журналисттин иши боюнча көз карандысыз эксперт суралмай болдуПрезидент Жапаров Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзамга кол койдуКыргызстанга Венгриянын тышкы иштер министри расмий сапар менен келдиТашиев коррупция боюнча соттолгондор сөзсүз абакка отурушу керек экенин айтты