УКМК тамаша иретинде видео тарткандар жоопко тартыларын эскертти

УКМКнын имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети социалдык тармактарга жарыяланган кыргыз улутундагы жаштарды кара түстөгү атайын формачан адамдар кармап жатканы тартылган видео тууралуу маалымат берди.

Атайын кызмат бул видео Кыргызстандын күч органдары тарабынан коомчулукка психологиялык басым көрсөтүү максатында кармоо катары көрсөтүлгөнүн белгилеген. Текшерүү жүргүзүлүп, видеотасма Москва шаарында тамаша (пранк) катары тартылып, фейк аккаунт аркылуу таратылганы аныкталган.

УКМК социалдык тармактарда мамлекеттик бийлик органдарынын иши жөнүндө коомчулукту адаштырууга багытталган айрым деструктивдүү элементтердин аракеттери аныкталганын белгилөөдө.

"2024-жылдын июль айында "Самат кыргыз" каймана аты менен таанылган Орусиянын жараны Самат Абдырахманов достору Нурлан уулу Марсель, Абдрахманов Абдурахман, Искендеров Атабек, Жакишов Алибек, Пирматов Тимурлан, Адишеров Адилет менен чогуу эс алуу үчүн Москва шаарындагы ижарага алынган үйлөрдүн биринде чогулушкан. Бир нече убакыт өткөндөн кийин үйгө Ыкчам аракеттенүүчү атайын отряддын мүчөлөрүнүн кийимин кийген адамдар кирип, кармоо иштерин жүргүзүшкөн. Бул өз кезегинде блогер А.Адишеровдун социалдык тармактарда катталуучулардын санын көбөйтүү максатында уюштурган пранкы болуп чыкты", - деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат аталган публикациянын “авторлорун” кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында аныктоо чаралары көрүлүп жатканын билдирди. Жарандарды чагымчылдыкка алдырбоого жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырды.

Мунун алдында социалдык тармактарда кара түстөгү атайын формачан адамдар батирге кирип барып, андагы адамдарды жерге жаткырып кармап жатканы тартылган видео жарыяланган. (КЕ)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзамга кол койдуКыргызстанга Венгриянын тышкы иштер министри расмий сапар менен келдиТашиев коррупция боюнча соттолгондор сөзсүз абакка отурушу керек экенин айтты Москвада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза тапты