Президент Жапаров Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык, Баткен облусундагы айрым аймактар бириктирилди. Ага ылайык, аймактардын чеги бекитилиши керек. Президент 13-сентябрда кол койгон "Айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" мыйзам "Эркин-Тоо" гезитинин 17-сентябрдагы санына жарыяланды.

Жогорку Кеңештин төрт комитети 11-сентябрда Баткен облусу боюнча аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоорун "кечиктирилгис жана кезексиз" түрдө жабык караган.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов "мыйзам долбоору Баткен облусунун административдик аймактык бирдиктерин социалдык-экономикалык кырдаалын турукташтырууга, калктын коопсуздугун камсыз кылууга багытталганын" билдирген.

Президент Садыр Жапаров 29-июлда кол койгон "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзам 20-августта "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган.

Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, административдик-аймактык чек аралардын өзгөрүшү, кээ бир аймактардын биригүүсү же бөлүнүүсү сыяктуу өзгөрүүлөрдөн кийин, жергиликтүү кеңештерге кайрадан шайлоо болору кабарланган. (КЕ)

Дагы караңыз

Ташиев коррупция боюнча соттолгондор сөзсүз абакка отурушу керек экенин айтты Москвада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза таптыЛиванда рациялар жарылып, кеминде тогуз киши каза таптыБеларустун Жогорку соту бозгундагы активисттин апелляциялык арызын четке какты