Wildberries: Миллиардер аялдын ишине Кремл менен Кадыров кантип аралашты?

коллаж сүрөт

18-сентябрда Орусияда интернет аркылуу соода жүргүзүүчү Wildberries ири компаниясынын Москвадагы кеңсесинде ок атылып, эки киши набыт болду, дагы он чакты адам жараат алды. Жаңжалга Рамзан Кадыровго байланышы бар чечендердин ММА мушкери катышканы кабарланды.

Татьяна Бакальчук Wildberries компаниясын 17 жыл мурун негиздеген. Forbes журналынын версиясы боюнча ал орусиялык миллиардерлердин арасында 22-орунда турат. Бакальчуктун байлыгы 7,4 млрд доллар деп бааланган.

Орусиянын тергөө комитети шаршемби күнү кечинде Москванын борборундагы атышуудан эки адам каза болгонун тастыктады. Расмий маалыматка караганда, жети киши жарадар болду. Анын ичинде экөө полиция кызматкери.

Бул факты боюнча Орусиянын кылмыш жана жаза кодексинин "Киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет кылуу, мыйзамсыз курал сактоо, укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул беренелер боюнча канча киши кармалганы азарынча белгисиз.

18-сентябрдын кечинде Татьяна Бакальчуктун мурунку күйөөсү Владислав Бакальчук сурак берип жатканы кабарланды. Бул тууралуу Mash телеграм каналы анын жактоочусуна таянып жазды.

"Владислав Бакальчук кармалды", — деп айтылат билдирүүдө. Учурда ишкерди тергөөчүлөр суракка алып жатат.

Татьяна Бакальчук Телеграмга билдирүү жарыялап, күйөөсү Владиславды компанияны "басып алууга аракет кылып жатат" деп айыптады. Анын айтымында, Владислав Бакальчук кеңсеге куралчан топтун коштоосу менен кирүүгө аракет кылган.

"Бул жагдайды көзөмөлгө алуу үчүн тиешелүү органдарга эл алдында кайрылам. Бизде жашырчу эч нерсе жок. Ошондуктан бул башаламандыкты уюштурган адамдардын иш-аракетинин себеби жана иликтөө иштеринин жыйынтыгы коомчулукка жарыяланышын суранам. Бул рейдерлик басып алуу. Тагыраак айтканда, анын ишке ашпай калган аракети".

Ал эми Владислав Бакальчук ал жерге сүйлөшүү үчүн барганын, бирок командасы менен бирге белгисиз бирөөлөрдүн чабуулуна кабылганын жар салды.

"Мен кесиптештерим менен бирге компаниянын кеңсесине баргам, бирок кире бериштен эле коопсуздук кызматы жана мага белгисиз адамдар кол салып, куралдуу жаңжалды козутушту. Бир убакта ок атылып, менин бир кесиптешим жараат алды", – деди ал.

Wildberries компаниясынын кампасы.

"Кол салгандар чечен мушкерлери"

«Свобода» радиосу жазгандай, атышуу Кремлден 350 метр жерде жайгашкан "Романов Двор" бизнес-борборунда болду, жабыркагандар арасында кавказдык эрежесиз мушташтын мушкерлеринен кеминде үчөө бар.

Орусиянын күч органдары менен байланышта экени айтылып жүргөн Mash Телеграм каналы жабыркагандардын арасында кесипкөй спортчулар Абубакар Местоев, Умар Чичаев жана оор салмактагы бокс боюнча Орусиянын жана орус армиясынын чемпиону Рашид Кодзев бар экенин жазды.

Алардын бири, "Агентство" басылмасынын маалыматына караганда, Чеченстандын тургуну жана бул республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун "Ахмат" күрөш клубунун мүчөсү.

Басылманын Телеграм каналында Умар Чичаевдин социалдык тармактагы баракчасынан алынган сүрөттөрү жарыяланды. Аларда Чичаев РосГвардиянын формасын кийип же Рамзан Кадыров, Адам Делимханов жана чечен өкмөтүнүн азыркы төрагасынын орун басары Абузаид Висмурадовдун жанында туруп түшкөн сүрөтү бар.

Местоев жана Кодзев да Кавказдыга жумурияттардын тургундары.

«Осторожно, новости» Телеграм-каналы ок атышуудан кийинки кармоо тартылган видео менен бөлүштү. Тасмада Wildberries кеңсесине кол салгандар чечен тилинде сүйлөгөнү угулат.

Ушул эле күнү белгисиз сакалчан, куралчан адамдар Москванын борборундагы "Динамо" метросунун жанындагы компаниянын дагы бир кеңсесин басып алууга аракет кылышканын Телеграм каналдар жазып чыкты. РИА Новости агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен жалпысынан чыр-чатактын кесепетинен полицияга 30га жакын адам жеткирилгенин кабарлады.

"Саясий топтордун куралы"

Орусиядагы эң кирешелүү жана ийгиликтүү бизнестердин бири, Кыргызстанда да кулач жайган Wildberries соода аянтчасынын айланасында чоң жаңжал тутанган. Анын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Бакальчук ажырашып жатканын айтса, күйөөсү Владислав Бакальчук компания рейдерликке туш болгонун жар салып, Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровго даттанган.

Москвадагы окуядан көп өтпөй "Свобода" радиосу менен болгон маегинде юрист Марк Фейгин бизнес талашкан жубайлардын артында жоон топ турарын айтты:

"Бүгүнкү окуя жубайлардын талашы аяктабай калганын көрсөттү. Бирок сүйлөшүүлөр дагы болот. Аягында маселе чечилет. Бирок бул сүйлөшүүлөрдө эки тарап тең утпайт. Жубайлар топтордун куралына айланып, эч кандай пайда көрбөйт".

18-июнда орус медиасы Wildberries менен сырткы жарнамалардын оператору Russ Outdoor компаниясы бириккенин жарыялаган. Forbes бул жаңылык "рынокту туңгуюкка кептеди, келишим кандай түзүлгөнүн, тараптар кандай максатты көздөгөнүн эч ким түшүнбөй калды” деп жазган.

Медиа ошондой эле эки бизнестин биригүүсүн президент Владимир Путин жактырганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, Татьяна Бакальчук мамлекет башчыга жолдогон катында долбоорду колдоону өтүнгөн жана муну менен "Amazon жана Alibaba компанияларына атаандаш боло алчу кудуреттүү ишкана түзүүгө, SWIFT системасын кыйгап өтүп, эсеп-кысапты орус рубли менен жүргүзүүгө жана өлкөнүн ички дүң өнүмүн 1,5% көтөрүүгө мүмкүнчүлүк ачыларын” түшүндүргөн.

Бакальчук күйөөсү менен баш кошуп жатканда келишимге кол койбогонун, ажырашканда алардын мүлкү тең бөлүнөрүн орус медиасына айтып берген. Маалыматка караганда, Владислав Бакальчукка компаниядагы үлүштүн 1% гана таандык, калган 99% - аялыныкы.

Айрым иликтөөчү журналисттер бул окуяда бүдөмүк жагдайлар көп экенин, ошол эле учурда согуш маалында менчикти кайра бөлүштүрүү жүрүп жатканын белгилешет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Wildberries Кыргызстанда кандай иштейт?

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан Wildberries ишканасы менен күнүнө 25 миң доллардан ашык акчага беш тоннадан ашык товар жөнөтөт.

Орусиялык Wildberries электрондук базары Бишкек шаарында биринчи жолу 2022-жылдын апрелинде 1 миң чарчы метрлик аянтта товар бөлүштүрүүчү борбор ачкан. Кийин Ошто да ушундай жай уюштурду.

Компания эми Кыргызстанда 100 миң чарчы метрлик логистикалык борбор куруу маселесин караштырууда. Wildberries Орусияда маркетплейстердин катарында биринчи орунда турат.