Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:07

Wildberries талашы: үй-бүлөлүк маселеби же рейдерликпи?


Орусиядагы эң кирешелүү жана ийгиликтүү бизнестердин бири, Кыргызстанда да кулач жайган Wildberries соода аянтчасынын айланасында чоң жаңжал тутанды. Анын негиздөөчүсү жана ээси Татьяна Бакальчук ажырашып жатканын айтса, күйөөсү Владислав Бакальчук компания рейдерликке туш болгонун жар салып, Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровго даттанды.

Кыскасы, Орусиядагы эң бай аялдын үй-бүлөлүк маселеси жана бизнеси чиеленишкен жаңжал бийликтин жогорку деңгээлине чейин жеткендей. Айрым иликтөөчү журналисттер бул окуяда бүдөмүк жагдайлар көп экенин, ошол эле учурда согуш маалында менчикти кайра бөлүштүрүү жүрүп жатканын белгилешет.

Шейшембинин кечинде Орусиядагы эң бай аял Татьяна Бакальчук соңку окуяларга үн катып, күйөөсү, бизнес-өнөктөшү Владислав Бакальчук менен ажырашып жатканын телеграм каналындагы постунда бышыктады.

Татьяна Бакальчук. Архив
Татьяна Бакальчук. Архив

“Владислав компанияны башкарууга катышпайт. Мен аны 20 жыл мурун негиздегем. Азыр кардарларыбыз, сатуучуларыбыз, башка өнөктөштөрүбүз үчүн эң мыкты платформага айланды. Жакында командабыз менен өнүгүү, өсүү темпин кармап туруу үчүн өзгөрүү керек деген чечим кабыл алдык. Келишим толугу менен жактырылган жана колдоого ээ болду. Мени эч кимден куткаруунун зарылдыгы жок”.

Кийинчерээк күйөөсү жубайлар баш кошуу алдында келишимге кол койбогонун, ажырашканда алардын мүлкү тең бөлүнөрүн орус медиасына айтып берди. Маалыматка караганда, Владислав Бакальчукка компаниядагы үлүштүн 1 пайызы гана таандык, калган 99 пайызы аялыныкы.

Мунун алдында чечен лидери Рамзан Кадыров Владислав Бакальчук ага барып “үй-бүлөсүндөгү жана бизнестеги олуттуу көйгөйлөргө” даттанганын жазып, видео чыгарган.

“Аялым үйдөн кетип калды, түшүнүксүз бир компания менен байланышып алды. Алар биригүүнү шылтоолоп бизнести тартып алууга, активдерди чыгарып кетүүгө аракеттенүүдө. Ал компания абдан чакан болгону менен, орток ишканада үлүштөр дээрлик бирдей бөлүштүрүлмөкчү. Леван Мирзоян. Russ Outdoor компаниясы”, - деп айтат Бакальчук Кадыров жарыялаган ал видеодо.

Ишкер өлкөдөгү эң чоң маркетплейсти (соода аянтчасын) ага-ини Роберт жана Леван Мирзояндар тартып алууну көздөп жатат деп эсептейт.

Орусиялык медиа Wildberries менен сырткы жарнамалардын оператору Russ Outdoor компаниясынын биригүүсү тууралуу 18-июнда жарыяланганын билдиришкен. Forbes ошондо жазгандай, бул жаңылык “рынокту туңгуюкка кептеди, келишим кандай түзүлгөнүн, тараптар кандай максатты көздөгөнүн эч ким түшүнбөй калды”.

Медиа ошондой эле эки бизнестин биригүүсүн президент Владимир Путин жактырганын кабарлаган. Маалыматка ылайык, Татьяна Бакальчук мамлекет башчыга жолдогон катында долбоорду колдоону өтүнгөн жана муну менен "Amazon жана Alibaba компанияларына атаандаш болууга кудуреттүү ишкана түзүүгө, SWIFT системасын кыйгап өтүп, эсеп-кысапты орус рубли менен жүргүзүүгө жана өлкөнүн ички дүң өнүмүн 1,5 процентке көтөрүүгө мүмкүнчүлүк ачыларын” түшүндүргөн. Басылмалар Путин биригүү ишин колдоону администрация жетекчисинин орун басары Максим Орешкинге тапшырганын жазышты.

Кыргызстанда колдонулган соода аянтчалары. Иллюстрация
Кыргызстанда колдонулган соода аянтчалары. Иллюстрация

Бизнесин мындан 20 жыл мурун түптөгөн Бакальчук Forbes журналынын версиясы боюнча орусиялык миллиардерлердин тизмесинде 22-орунда жайгашкан. Анын байлыгы 7,4 млрд долларга жетет.

“Свобода” радиосу The Bell басылмасынын иликтөөчү журналисти, Бакальчуктун компаниясына көптөн бери байкоо салып келаткан Ирина Панкратованы сөзгө тарткан. Ал түшүнүксүз абал түзүлгөнүн, 2019-жылы ири иликтөө чыгарышканын айтат:

“Бакальчук менен күйөөсү бизнести өнүктүрүүгө бирдей эле салым кошкон. Владиславдын дооматын түшүнсө болот. Бирок расмий түрдө ал компаниянын 1 процентине, Татьяна 99 процентине ээлик кылат. Компаниянын кожоюну жубайы болгондуктан, муну рейдерлик басып алуу деп атоо кыйын. Кадыровдун ролу да бүдөмүк. Алар 10 жылдан бери кандайча тааныш экенин түшүнбөй калдым. Алардын тааныш болгону бир да жерде чагылдырылган эмес. Сыягы, Кадыровдун аты бул окуяда акыркы жылдары же ушул күндөрү гана аталды. Владислав Бакальчук аны менен кандайча байланышканы да түшүнүксүз. Wildberries компаниясынын дагы бир негиздөөчүсү Сергей Ануфриев кандайдыр бир роль ойногон болушу керек деп болжолдойт элем”.

Жарнама бизнесинин демөөрчүсү жана бенефициары деп Федерация кеңешинин Дагестандан шайланган депутаты Сулейман Керимов аталууда. Панкратова Керимовдун артында андан да жогорку аткаминер турган жок деп кесе айтуу кыйын экенин, президенттин администрациясы акыркы эки жылдан бери орусиялык бизнес түзгөн ири келишимдерге кийлигишип келатканын белгилейт:

“Татьяна Бакальчук өзүнүн видео кайрылуусунда бул биригүү макулдашылганын этият айтты. Балким, ал Кремль менен макулдашылганын кыйытууда. Ортодо бир макулдашуу түзүлгөнү калетсиз. Кадыров Путин компаниялардын биригүүсүн колдогонун, жаңы ишкана Татьяна Бакальчуктун көзөмөлүнө өтөрүн түшүнүп туруп, бул ишке аралашат беле деген суроо жаралууда. Себеби Кадыров Wildberries же Владислав Бакальчуктун таламын талашып, Путинге каршы чыкпайт болчу. Ким ким менен, эмнени макулдашканын биз иш жүзүндө билбейбиз”.

Эки компаниянын согуш учурундагы биригүү жараяны эмне себептен президенттик администрациянын жактыруусу менен жүрүп жатканын Орусиянын Либертариан партиясынын төрайымы Рина Мацапулина мындайча чечмелейт:

“Wildberries'ге байланышкан келишимге Путин кандайча катышканы түшүнүксүз. Аны президентсиз жүргүзүшсө болор эле деген гипотезалар бар. Бирок айрым кишилер бул ишти рейдерлик деп көрсөтүп коюшу мүмкүн эле. Кадыровдун реакциясы да абалды чыңалтып койду. Ким билет, бул иш кандай, эмне менен аяктайт. Бизнес мамлекеттик жооптуу аткаминерлер ортосунда бөлүштүрүлгөндө, ага мамлекеттин биринчи адамы аралашканда, кардарга залакасы тийет. Эркин рынокто мындай зыяндуу механизмдердин киргизилиш мүмкүн эмес. Мамлекеттин экономикага кийлигишүүсү атаандаштыкты чектейт, бул болсо тейлөө рыногуна таасир этет, муну акыр аягында катардагы кардар жон териси менен сезет”.

Татьяна Бакальчук Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен кездешүүдө. 25-март 2024-жыл
Татьяна Бакальчук Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен кездешүүдө. 25-март 2024-жыл

Журналист Панкратова Орусияда ар бир чоң бизнес жашап кетүүнү жана өнүгүүнү кааласа, колдоого муктаж экенин кошумчалайт:

“Орусияда мындай ири электрондук бизнес түзүү үчүн баары бир таасирдүү адамдардын колдоосу зарыл. Мисалы, курулушка, жер тилкелерине, товарларды бөлүштүргөн, кардарларга жеткирген борборлорду, кампаларды тургузууга, логистиканы курууга уруксат алышы керек да. Орусияда артыңда аткаминерлер жок болсо, толгон-токой административдик маселелерди чече албайсың. Украинадагы согушка чейин Wildberries'ди колдоо ыңгайлуу болчу. Себеби Орусияда ири IT-компания түптөсө болот, бул ишкер аялдын колунан да келет деген ишарат болгон. Толук масштабдуу кол салуудан кийин бул компаниядан башка нерселер, балким, согушка байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу үчүн кошумча инвестициялар зарыл болуп калды".

Буга чейин "Новая газета Европа" басылмасы Орусияда улутташтыруунун жаңы толкуну күч алып жатканын жазган. "Трансперенси Интернешнл – Орусия" уюму менен биргелешкен иликтөөдө журналисттер согуш маалында менчикти кайра бөлүштүрүүнүн масштабын аныктоого аракеттенген. Ага ылайык, бул ирет андай иштерге Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) активдүү катышып жатат. Мамлекет болсо аскердик продукциянын өндүрүшүнө тиешеси бар ишканаларды, чет өлкөлөрдө жашаган “патриот эмес” бизнесмендердин активдерин тартып алууну көздөйт.

Былтыр орус бийлиги улутташтыруу жөнүндө 27 доо арыз берген. Быйылкы январь-февраль айларында буга чейинки бир нече жылдагыдан көп арыз тапшырган. Маалыматка караганда, мамлекет эки жылда улутташтырган же өзүнө алууга аракеттенген компаниялардын активдери 1 трлн рублдан ашат.

XS
SM
MD
LG