Беларустун Жогорку соту бозгундагы активисттин апелляциялык арызын четке какты

Леонид Судаленко. Архивдик сүрөт.

Беларуста белгилүү укук коргоочу Леонид Судаленконун апелляциялык арызы четке кагылганын бүгүн 18-сентябрда «Азаттыктын» беларус кызматы жазды. Өлкөнүн Жогорку соту аны беш жылга камакка алуу тууралуу өкүмгө каршы апелляциялык арызды колдогон жок.

«Экстремиссттик ишмердүүлүккө катышкан» деген жүйөнүн негизде соттук териштирүү быйыл июнь айында Гомель шаардык сотунда сыртынан өткөрүлүп, айыптоо өкүмү чыккан.

Судаленко мекенинде "коомдук тартипти бузган" деген негизде соттолуп, 2,5 жылдан ашык убакыт абакта отургандан кийин 2023-жылдын июль айында өлкөдөн качып кеткен. Айып Судаленко 2020-жылдын жай айларында авторитардык башкаруучу Александр Лукашенкону жеңүүчү деп жарыялаган президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы жапырт нааразылык акцияларына катышканы үчүн коюлган. 2022-жылдын октябрында Беларус бийлиги аны экстремисттердин тизмесине кошкон.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдагы шайлоодо 69 жаштагы Александр Лукашенко добуштардын 80% көбүнө ээ болгонун жарыялаган, бирок оппозиция жана көз каранды эмес байкоочулар добуш берүүдө жапырт бурмалоо болгонун айтып чыгышкан. Оппозициялык талапкер Светлана Тихановская өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Өлкөдө башаламандык тутанып, анын баары күч менен басылган, миңдеген киши кармалган. Тихановская кысымга кабылып, мекенинен чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрү Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу лидери деп тааныбайт.

Президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң бул өлкөдө журналисттерди, активисттерди кармоо күчөгөн, алардын көбү абакта отурушат, кээ бирлери чет жактарга чыгып кеткен. (RK)

Дагы караңыз

Абактагы Жоомарт Карабаев президенттен жардам сурады Казакстанда «АЭС керек эмес» платформасынын алгачкы талкуусу өттүӨзбекстанда газ кениндеги кырсыктан төрт киши каза болдуМосквада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза тапты