Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Өзбекстанда газ кениндеги кырсыктан төрт киши каза болду


Окуя болгон жер. 2024-жылдын 1-сентябры.
Окуя болгон жер. 2024-жылдын 1-сентябры.

Өзбекстанда газ кениндеги авариядан жалпысынан төрт кишинин өмүрү кыйылганын, кырсык «Эгемендикке 25 жыл» (М-25) деп аталган кенде болгонун бүгүн 18-сентябрда «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды.

Сурхандарья облусунун Байсун районунда жайгашкан ишканада күкүрт-суутек газы кайрадан сыртка чыгып, жумушчулар ууланып калганы кабарланды.

Төрт киши каза болгону тууралуу маалымат тастыкталганын өлкө президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадовго таянып Gazeta.uz басылмасы жазды. №604 скважинада жарылуу катталганын, бирок өлүмгө газ эмес, “өндүрүштөгү техникалык мүчүлүштүк” себеп болгонун 17-сентябрда Башкы прокуратура жана Экология министрлиги билдирген.

Уу газ чыга баштаганы тастыкталгандан кийин шахтанын тегерегинде жашаган тургундар коопсуз жактарга эвакуация кылынган. Жайкын тургундар арасында жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Социалдык түйүндөрдөгү кабарларга караганда, Enter Engineering ишканасына таандык шахтада газ эки апта мурда чыга баштаган.

Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, иштеп жатат.

Күкүрт жана суутек газы адамдын нерв системасына терс таасир этип, ууландыруучу өтө оор зат.

М25 Өзбекстандагы толук изилденип бүтө элек эң ири газ кендеринин бири болуп эсептелет. Анын жалпы кору кеминде 150 млрд куб метр чийки газды түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG