Казакстанда «АЭС керек эмес» платформасынын алгачкы талкуусу өттү

Талкуу Алматыда өттү. 2024-жылдын 18-сентябры.

Казакстанда «АЭС керек эмес» платформасы бүгүн 18-сентябрда алгачкы талкуусун уюштурду. «Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, жыйын Алматы шаарында өттү, ага эксперттер, активисттер катышты, иш-чаранын жүрүшүнө шаар башкармалыгынын ички саясат бөлүмүнүн кызматкерлери көз салып турушту.

Жолугушуу эки күн мурда уюштурулмак, бирок келишим түзүлгөн мейманкана жыйындар залын ижарага берүүдөн баш тартып койгон. Активисттер муну атайын уюштурулган тоскоолдук катары баалашкан.

Бүгүнкү талкуунун катышуучулары энергияны 15-20 жылдан кийин гана өндүрө баштай турган атомдук электр станциясын курууга миллиарддаган каражат коротуунун зарылчылыгы жоктугун белгилеп, АЭС куруу демилгеси энергиянын тартыштыгын жоюу аракети эмес, саясий маселе экенин айтышты.

«АЭС керек эмес» платформасынын максаты мындай ишкананын курулушуна жол бербөөдөн тышкары алдыда боло турган референдумдун калыс өтүшүн көзөмөлдөө экени белгиленди.

Казакстанда АЭС куруу маселесине байланыштуу референдум 6-октябрга белгиленгенин 2-сентябрда казак парламентинин эки палатасынын кошмо жыйынында сүйлөп жатып өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев жарыялаган.

"Күн өткөн сайын экономикабызга мол энергия зарыл болуп жатат. Мындай муктаждыкты атом энергетикасы жаба алат. Азыркы кезде өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан 30 өлкөдө жалпысынан 200гө жакын атомдук электр станциясы иштеп жатат", - деген Токаев.

Референдумга "Сиз Казакстанда АЭС курууга макулсузбу?" деген суроо коюлат. 3-сентябрда башталган үгүт өнөктүгү 4-октябрда жыйынтыкталат. Референдумду уюштуруп, өткөрүүгө казынадан 15,5 миллиард теңге бөлүнөрү белгилүү болгон.

АЭС маселесине арналган, бийлик уюштурган жыйындар Казакстандын 20 чакты шаарында өттү. Каршы пикирин билдирген, бийликтин мындай сунушун "путиндик жарнама" деп атаган активист кысымга кабылганы кабарланган. (RK)

Дагы караңыз

Өзбекстанда газ кениндеги кырсыктан төрт киши каза болдуМосквада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза таптыЛивандагы пейжер чабуулдун артында ким турат?Сокулук: Менчиктештирилип кеткен мектептердин имараты мамлекетке өттү