УКМК айрым микрокредиттик компаниялар текшерилип жатканын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кардарлардын арызынын негизинде Кыргызстанда айрым чоң микрокредиттик компаниялардын ишин текшерип жатканын билдирди.

Атайын кызмат алар жеке адамдарга жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык чендерди сактабай жатканын (жылына 33% ашык эмес), насыя берүүнүн тартиби бузулганын (насыя берүүнүн эң жогорку суммасы боюнча талаптарды айланып өтүү) билдирди. Андан тышкары милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөл органдарына жалган маалыматтарды (отчетторду) берүү фактылары аныкталганын кошумчалады.

УКМК сөз кайсы микрокредиттик ишканалар тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

18-сентябрда “МБулак” микрокредиттик компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарланган. Күбөлөр компаниянын кеңсесине тинтүүдөн кийин мөөр басылганын “Азаттыктын” кабарчысына айтып беришкен.

Kaktus.media укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, “МБулак” жана “АБН” микрокредиттик компанияларынын кеңсеси тинтүүгө алынганын жазган. Маалыматта сөз болуп жаткан мекемелер кош эсеп жүргүзүүгө шек саналып жатканы белгиленген.

“МБулак” Кыргызстандагы эң ири насыя берген компаниялардын бири. Ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Бабур Төлбаев Инстаграмдагы расмий баракчасына УКМК өлкөдөгү насыя берген мекемелерди текшере турганы боюнча алдын ала билгенин, “МБулак” Кыргызстанда ачык иштеген жана эң көп салык төлөгөн компаниялардын бири экенин жазды. (BTo)

Дагы караңыз

Президент “Коопсуз шаар” долбоорун ИИМге өткөрүп бердиСокулук: Менчиктештирилип кеткен мектептердин имараты мамлекетке өттүМосквада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза таптыЖоомарт Карабаев абактан кат жазып, президентке кайрылдыУкраина Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши каза тапканын билдирдиНоокенде жол кырсыгынан үч адам мүрт кетти