Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Украина Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши каза тапканын билдирди


Запорожье. Архивдик сүрөт.
Запорожье. Архивдик сүрөт.

Украина Орусиянын кезектеги чабуулдарынан бир нече жараны каза болгонун 18-сентябрда билдирди.

Кировоград облусунун Кропивницкий районунда бир нече үй талкаланып, өрт чыккан короодо бир кишинин өмүрү кыйылды, 90 жаштагы жергиликтүү тургун жараат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Андрей Райкович билдирди.

Запорожье облусуна жапырт чабуул жасалганын, эки киши каза болуп, бешөө жараат алганын, бир нече үй жана инфраструктура объектиси талкаланганын, урандыларды тазалоо иши жүрүп жатканын облус башчысы Иван Федоров кабарлады.

Сумы облусу бүгүн да жанкечти дрондордун чабуулуна кабылганын, бутага Сумы шаарынын энергетика ишканалары алынып, электр жарыгына чектөө киргизилгенин, адамдар арасында жабыркагандар катталбаганын облустук администрация билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 18-сентябрга караган түнү жана эртең менен облус аймагында Орусия учурган Shahed дрондорунан 16сы атып түшүрүлдү.

Ал эми фронтто, Украинанын Башкы штабы билдиргендей, кечээтен бери 194 кагылышуу болду, чыңалган абал Покровск жана Курахово багыттарында сакталууда.

Орусия бийлиги 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери шаар-кыштактарынын мектеп, бала бакча, оорукана, таза суу жана энергетика тармагы сыяктуу жарандык инфраструктурасын талкалап, адамдарын өлтүрүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагып келүүдө.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын куралдын көптөгөн түрү менен жасалып жаткан соккуларын атайын чабуул катары баалоодо. (RK)

XS
SM
MD
LG