Президент “Коопсуз шаар” долбоорун ИИМге өткөрүп берди

Surveillance camera of the Ministry of Internal Affairs

Президент Садыр Жапаров “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болду. Эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги 10 күндүн ичинде ИИМге “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын өткөрүп берет.

Ал эми Башкы прокуратура 2023-жылдын 1-февралынан тартып азыркы мезгилге чейинки тартип бузуулардын бардык маалыматтар базасын “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасына берет.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору быйыл 16-сентябрда иштей баштады. 60 жерге камера орнотулуп, жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып, айып пулдар салынат.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген. (BTo)

Дагы караңыз

Москвада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза таптыЖоомарт Карабаев абактан кат жазып, президентке кайрылдыУкраина Орусиянын чабуулдарынан бир нече киши каза тапканын билдирдиНоокенде жол кырсыгынан үч адам мүрт кетти"МБулак" микрокредиттик компаниясынын кеңсеси тинтүүгө алынганы кабарландыКыргыз-кытай комиссиясы Барскоон - Үч-Турпан - Аксуу унаа жолун биргелешип курууну талкууладыИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын экс-башчысы Мамбеталиевге иш козголду