Ноокенде жол кырсыгынан үч адам мүрт кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда болгон жол кырсыгынан үч адам мүрт кетти. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 17-сентябрда Ноокен районунун Бишкек-Ош автожолунун 486 чакырымында болгон. Бишкекти көздөй бараткан Honda Jazz үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип Ош тарапка бараткан Mercedes-Benz Atego үлгүсүндөгү оор жүк ташыган автоунааны сүзгөн.

Кырсыктан Honda Jazz машинасында бараткан 17, 18 жана 33 жаштагы үч жүргүнчү мүрт кеткен.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл январь-июнь айларында Кыргызстанда 3 059 автокырсык катталган. Андан жалпы 280 адам каза таап, 4 464 киши жаракат алган.

Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (BTo/TB)

Дагы караңыз

Кыргыз-кытай комиссиясы Барскоон - Үч-Турпан - Аксуу унаа жолун биргелешип курууну талкууладыИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын экс-башчысы Мамбеталиевге иш козголдуОрусияда аскерге чакыруунун электрондук реестри тест түрүндө иштей баштадыОрусиянын Тверь облусундагы курал-жарак кампасы өрттөнүп, эл эвакуация болуудаАкматбек Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кеттиЖоомарт Карабаев абактан кат жазып, президентке кайрылды​Төрөбаев майда дыйкан чарбалар кооперативге биригерин билдирди