Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Акматбек Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кетти


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кетти.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

"Акматбек Келдибековичтин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аткаруу комитети ушундай чечим чыгарды. Жакынкы күндөрү шайлоо болот", - деди Улан Молдодосов.

Акматбек Келдибеков Кыргызстандын Оор атлетика федерациясын дээрлик 15 жыл башкарды. Ал алгачкы жолу бул кызматка 2009-жылы келип, андан кийин 2012-жылы, 2017-жылы жана 2021-жылы кайра шайланган. Федерациянын президенти төрт жылдык мөөнөткө шайланат. (GT)

XS
SM
MD
LG