Тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн "Жол картасы" талкууланды

Нарын шаарында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы боюнча "Жол картасы" талкууланды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тегерек үстөлдө тоолуу аймактардагы табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары, тоо экосистемаларын өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Мындан сырткары туруктуу башкарууга багытталган демилгелер, долбоорлор жана стратегиялар тууралуу сөз болду. Талкууга президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, тийиштүү министрлик, райондук администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү коомчулук катышты.

Президент Садыр Жапаров алдыңкы беш жылда Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялоо жарлыгына 2023-жылы сентябрда кол койгон. Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, климаттын туруктуулугун жогорулатууну, жаратылыш мурастарын сактоону көздөйт.

Министрлер кабинетинин токтому менен анын концепциясы жана "Жол картасы" бекитилген.

2022-жылы декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялаган.

Башкы Ассамблеянын 77-сессиясы бир добуштан “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алган. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 109 мамлекет ага авторлош катары кошулган.

Кыргызстанда 2022-жыл - Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган. (КЕ)

Дагы караңыз

Кара-Көлдүн мурдагы мэри бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланууга шек саналуудаЖК төрагасы Шакиев саясий, диний кырдаал тууралуу пикирлерге жооп бердиУКМК Таласта чек арадан мыйзамсыз мал өткөргөндөр кармалганын билдирдиПрезидент Жапаровдун алдамчылыкка шектелген иниси үй камагына чыкты