Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Кара-Көлдүн мурдагы мэри бюджеттик каражатты максатсыз пайдаланууга шек саналууда


Кара-Көл.
Кара-Көл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын экс-мэри Е.И.М. кармалганын билдирди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин ишенип берилген өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ыйгарып алуу жана коротууга (205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту) шектелип жатат.

Атайын кызмат мэриянын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейинки узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча "К.Б."ЖЧКсы менен пайдасыз келишим түзүшкөнү аныкталганын кабарлады.

"Анын натыйжасында мурда болгон суу түтүктөрү демонтаждалып, сатылып кеткени белгиленген. Ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылгандыгы, буга байланыштуу түтүк өткөргүчтөр пайдаланууга жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери ичүүчү таза суу менен камсыздалбай келген", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун даярдады жана ал коомдук талкууга коюлду.

Документте коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, жакын туугандары дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салган.

Коомчулукта коррупцияга каршы күрөш ачык-айкын, кармалган шектүүлөрдүн мамлекетке төккөн каражаты мыйзам чегинде болушу керек деген пикирлер айтылып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG