Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

ЖК төрагасы Шакиев саясий, диний кырдаал тууралуу пикирлерге жооп берди


Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөдөгү коомдук-саясий жана диний абал тууралуу коомчулукта айтылып жаткан айрым пикирлерге жооп берди. Ал парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу экенин, эч кандай өзгөрүү болбой турганын белгиледи. Дин иштерине мамлекет аралашпай турганын айтып, бирок көп нерсе иретке салынарын билдирди.

"Акыркы күндөрү айрым саясатчылар, коомдогу ушак-айыңга жакын адамдар өлкөдө ар кандай өзгөрүүлөр болот экен, референдум болот , парламент таркайт, депутаттардын саны кыскарып, чоң-чоң саясий өзгөрүүлөр болот экен деген сөздөрдү чыгарып жатышат. Мунун баары суу кечпеген сөздөр. Бүгүнкү күндө саясий туруктуулукту камсыздап, ошонун негизинде жогорку экономикалык көрсөткүчтү камсыздап жатабыз. Андыктан эч кандай саясий окуялар болбойт. 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктар болот, шайлоону татыктуу, таза өткөрүү керек. Баары мыйзам чегинде, өз кезеги менен. Экинчиден, парламентте карала турган диний маселелер боюнча мыйзамдын тегерегинде коомдо ар кандай талкуулар болуп жатат. Дин иштерине мамлекет аралашпайт. Мыйзамды дагы Дин иштери боюнча комиссия, аалымдар жазып келет. Ошого жараша карап көрөбүз. Ар кандай чектөөлөрдү айтып, дааватты токтотот, жоолукту чечтирет деп айтышууда. Андай болбойт. Биздин салтыбызда да динибизде да болгон, кыз-келиндер, апалар жоолук салынган. Ал эми дааваттын жардамы менен аракечтик, баңгизат, сойкулук жоюлуп келген, бирок баары иретке салынат", - деди спикер.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.

Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердик менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Бул долдоор коомдо кызуу талкууланып жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG