УКМК Таласта чек арадан мыйзамсыз мал өткөргөндөр кармалганын билдирди

УКМК Таласта мал уурлукка шектүүлөр кармалганын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас облусунунун Казакстан менен чектеш аймагында мыйзамсыз мал ташып келаткан адамдар кармалганын маалымдады.

Мекемеден билдиришкендей, 12-сентябрда “Чоң-Капка” чек ара тозотунун аймагында Казакстандан Кыргызстандын аймагына 308 баш ири мүйүздүү мал жандыктарын мыйзамсыз өткөрүү учурунда Кыргызстандын А.у.Н. аттуу жараны кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин “Азаттык” радиосу Таластагы мал аткезчилиги тууралуу видео жарыялаган. Анда Нылды жана Сары-Булак айылынын айрым тургундары айылдаштарын Казакстандан миңден ашык койду мыйзамсыз айдап келетканын айтып, ага чара көрүүнү суранган. Мал аткезчилигинин айынан жайыт жерлер бузулуп, жергиликтүү базарда мал арзандап кеткенин билдиришкен.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынын жалпы узундугу 1 113 чакырымды түзөт. Анын тегиз жерлерине тосмолор тосулганы менен бийик тоолуу аймактарга эч кандай тосмолор коюла элек. (MKt)

Дагы караңыз

БУУ Курск облусунун Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү миссияга даярСергей Шойгу Иранга күтүүсүз сапар менен барды17-сентябрь: Орусия армиядагы аскерлерин көбөйтөт, Германия кыргызстандык адистерге кызыгатГрузия парламенти ЛГБТга каршы мыйзам кабыл алды