Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

БУУ Курск облусунун Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү миссияга даяр


Украи аскери, Курск облусу
Украи аскери, Курск облусу

Бириккен Улуттар Уюму Курск аймагынын украин аскерлери көзөмөлдөгөн бөлүгүнө гуманитардык миссиясын жайгаштырууга даяр.

"Бул үчүн уюмга Орусиядан уруксат керек", - деп билдирди "Америка авазы" БУУнун өкүлү Стефан Дюжарикке шилтеме берип.

Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги БУУга жана Эл аралык Кызыл чырым уюмуна кайрылып, Курск облусунун украин армиясынын көзөмөлүндө турган аймактарына гуманитардык чара көрүүгө катышууну өтүнгөн.

Өз кезегинде Кызыл Чырымдын расмий өкүлү Галина Балзамова РИА Новости менен болгон маегинде уюмдун кызматкерлери Украинанын Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөп турган аймактарга барууга даяр экенин, бирок эки тараптан тең коопсуздук кепилдиги менен гана барууга болорун билдирген.

Орус бийлиги БУУнун жана Кызым Чырым уюмунун билдирүүлөрүнө комментарий бере элек. Москва Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн чагым деп атады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки уюм тең Киевдин билдирүүлөрүнө "ойлонуп баа" берет деген үмүтүн билдирди.

Ар кандай эсептөөлөр боюнча, Украин армиясы көзөмөлдөп турган Курск облусунун аймактарында миңге чейин жайкын тургун калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG