Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Сергей Шойгу Иранга күтүүсүз сапар менен барды


Сергей Шойгу.
Сергей Шойгу.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу шейшембиде Ирандын баш калаасына келди. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Батыштын санкцияларына каршы туруу үчүн Орусия менен алакаларды тереңдетүүгө убада берди деп жазды Reuters агенттиги Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянуу менен.

IRNA агенттиги жазгандай, президент Шойгу менен жолугушууда "менин өкмөтүм эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди жана чараларды олуттуу көзөмөлдөйт", - деп билдирген.

Шойгу Иранга Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Пхенянда жолугушкандан көп өтпөй, бир нече күндөн кийин барды. Орусия Украинага бастырып кирген 2,5 жылдан бери Кошмо Штаттарына кас болгон бул эки өлкө менен алакаларды өнүктүрүүгө умтулууда. Бул өлкөлөр Украинага каршы согушта колдонуу үчүн Орусияга баллистикалык ракеталарды берип жатышат.

Иран Орусияга баллистикалык ракеталарды жөнөткөнү тууралуу маалыматтарды четке кагып келет. Москва Иранды Орусиянын бардык мүмкүн болгон тармактарында өнөктөш экенин белгилеп жүрөт.

Шойгунун чет элдик сапарлары согуштун чечүүчү, Киев алыскы аралыкка учкан ракеталарды колдонууга уруксат берүүсүнө катуу аракет кылган учурга туура келди.

Өткөн аптада Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Зеленский менен жолуккан. Анда Украинага берилген алыска атыуучу курал-жаракты колдонууга салынган тыюуну алып салуу маселеси талкууланган.

Орус президенти Владимир Путин өткөн аптада Батыш өлкөлөрү Украинага алыс аралыкка атуучу курал колдонууга уруксат берсе, бул НАТО менен Орусиянын ортосунда түз кагылышуу болуп каларын жана Москва жооп кайтарарын билдирген.

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши менен байланышкан Nour маалымат агенттиги Шойгу өзүнүн ирандык кесиптеши Али Ахмадиан менен жолукканын жазды. Жолугушуу тууралуу кенен маалымат айтылган жок.

Орусия буга чейин Иран менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн ири келишимге кол коюу алдында турганын жарыялап келет.

XS
SM
MD
LG