Президент Жапаровдун алдамчылыкка шектелген иниси үй камагына чыкты

Алдамчылыкка шек саналып кармалган Улан Жапаров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө комитетинин өтүнүчүн 24-августта канааттандырганы 18-сентябрда белгилүү болду.

Президент Садыр Жапаровдун аталаш тууганынын баласы экинчи жолу камалганы 17-июлда белгилүү болгон. Маалыматты Бишкектеги Биринчи май райондук соту бышыктаган. Ага ылайык, Ж.У.Р Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен шек саналып кармалган. Жабырлануучу ири өлчөмдө материалдык зыянга учураганы айтылган.

2023-жылы октябрь айында президент Садыр Жапаровдун коррупцияга шек саналып кармалган аталаш иниси Улан Жапаров үй камагына чыккан. Ал бажыдагы коррупцияга байланыштуу 2023-жылы июль айында камалган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков ал президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин тастыктаган.

Президент Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде тууганынын кармалышы боюнча комментарий берип, паракорчулукка аралашкандар жазасыз калбай турганын, баарына бирдей мамиле болорун айткан.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 19-июлда Ош шаарынын мэриясындагы жыйында “коррупцияга каршы күрөштө эч кимге аёо болбой турганын” кайталаган.

“Презденттин эки тууганы азыр камакта отурат, мыйзамды бузуп бирөөнү алдаганы үчүн. Анын фамилиясы дагы Жапаров Улан деген. "Мыйзам буздубу, жоопко тартылсын" деген.

Ички иштер министрлиги кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес. 32 жаштагы Улан Жапаров 2017-жылы Садыр Жапаровду колдоо акциясында тарапташтары менен бирге милицияга кармалып чыккандардын бири.(КЕ)

Дагы караңыз

БУУ Курск облусунун Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү миссияга даярСергей Шойгу Иранга күтүүсүз сапар менен бардыЛиванда пейжерлер жарылып, кеминде 8 өмүр кыйылды, миңдеген киши жараат алдыЖер ресурстары агенттиги "кызыл китепти" жоюуну көздөп жатканын билдирди