PISA сынагына 3 миңден ашуун окуучу даярдалып жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда PISA сынагына даярдануу башталганын билдирди. Маалыматка караганда, сынакка тандалып алынган мектептерден 3100 окуучу катышат.

2025-жылы Кыргызстандын 15 жаштагы окуучулары билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча эл аралык сынактык негизги этабына катышат.

PISA изилдөөсүнө катышуу окуучулардын билим деңгээлин жана көндүмдөрүн башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга мүмкүндүк берет.

Өткөн айда аталган министрлик PISA эл аралык изилдөө сынагына даярдык көрүү үчүн 80 мугалим Сингапурдун Celebry платформасын колдонууну үйрөнө турганын билдирген. Тренингден өткөндөн кийин алар STEM предметтери боюнча мугалимдерди окутуп баштай турганы айтылган.

PISA (Programme for International Student Assessment) – мектеп окуучуларынын окуудагы жетишкендиктерин баалоочу эл аралык программа. Тест түрүндө 2000-жылдан бери үч жылда бир өткөрүлүп келе жаткан сынакка 15 жаштагы окуучулар катыша алышат. Ага Кыргызстан 2006 жана 2009-жылдары катышып, акыркы орунду алгандан кийин катышпай келет. 2025-жылы кайрадан катышуу пландалууда. (КЕ)

Дагы караңыз

Президент Жапаров "Борбор Азия - Германия" форматын натыйжалуу пайдаланууга чакырдыИндия Иран лидеринин азчылыктарга мамиле боюнча билдирүүсүн айыптадыУкраина беш облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирдиКанцлер Шольц немис ишканалары кыргызстандык адистерге кызыгарын билдирди