Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Индия Иран лидеринин азчылыктарга мамиле боюнча билдирүүсүн айыптады


Аятолла Али Хаменеи ХАМАСтын (АКШда жана ЕБда террордук деп жарыяланган) лидери Исмаил Ханиянын жаназасында. Архивдик сүрөт.
Аятолла Али Хаменеи ХАМАСтын (АКШда жана ЕБда террордук деп жарыяланган) лидери Исмаил Ханиянын жаназасында. Архивдик сүрөт.

Индия Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеинин Индиядагы мусулмандардын абалы боюнча айткан сөзүн айыптап чыкты. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги анын айткандарын “туура эмес жана кабыл алынгыс маалымат” деп сыпаттады.

"Азчылыктар боюнча комментарий берген өлкөлөргө башкалар жөнүндө кандайдыр бир байкоо жүргүзүүдөн мурун өздөрүндөгү абалды карап чыгуу сунушталат", – деп белгиленди мекеменин билдирүүсүндө.

16-сентябрда Иран лидери "Эгер биз Мьянмада, Газада, Индияда же башка жерде мусулмандар тартып жаткан азап-кайгыга көңүл бурбасак, өзүбүздү мусулманбыз деп эсептей албайбыз", – деген.

Адатта эки өлкө ортосунда тыгыз кызматташтык мамиле өкүм сүрүп келет.

Ирандын калкынын 99% мусулмандар түзөт. Индияда 80% индуизм, андан кийинки экинчи орундагы дин – ислам (13%). (RK)

XS
SM
MD
LG