Германия Молдовага колдоосу уланарын убада кылды

Анналена Бербок.

Германия өкмөтүнүн Молдовага Орусиянын гибриддик (саясий, экономикалык, маалыматтык коопсуздукка коркунуч келтирүүчү) чабуулдарына каршы туруусуна көрсөтүп жаткан жардамы оң натыйжасын берүүдө жана мындай колдоо улана берет. Бул тууралуу 16-сентябрда немис тышкы иштер министри Анналена Бербок билдирди.

"Биздин жардамыбыз менен Молдова экономикасын турукташтырып, Орусиянын гибриддик чабуулдарына туруштук берип, инфляцияны көзөмөлгө ала алды. Биз токтобойбуз, Молдовага конкреттүү түрдө колдоо көрсөтүүнү улантабыз", – деди Бербок Кишиневдо Молдованы колдоо боюнча уюштурулган конференцияда.

Германиянын башкы дипломаты Орусиянын президенти Владимир Путинди сынга алып, ал Молдованы башаламандыкка кептеп, өлкөгө газ берүүнү токтоткусу келгенин билдирди.

Быйыл 20-октябрда Молдовада президенттик шайлоо менен катар 27 өлкөдөн турган Европа Биримдигине кошулуу маселеси боюнча референдум да өткөнү жатат. Молдова Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер макамын 2022-жылы алган. Кишинев менен биримдиктин бул боюнча сүйлөшүүлөрү 2023-жылы 14-декабрда башталган.

Шайлоого катышарын азыркы президент Майя Санду жана андан тышкары дагы он чакты киши жарыялашты, арасында орусиячыл саясатчылар да бар.

2020-жылы Москванын саясатын колдогон президент Игорь Додонду утуп чыккан Майя Санду Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири Молдованы Батышка, Европага ыктаган саясат жолу менен алып барууда.

Вашингтон жана Кишинев Орусия Молдовадагы быйылкы шайлоо өнөктүгүнө таасир этип, жалган маалымат таратуу аркылуу тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатат деп эсептей турганы 23-июлда Вашингтондо өткөн жыйында айтылган. (RK)

Дагы караңыз

Ош: "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирди, жол белгилери жетишсиз Украина беш облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирди"Достук" чек ара бекетиндеги кезек күтүүнү чечүү маселеси талкууландыПрезидент Жапаров "Борбор Азия - Германия" форматын натыйжалуу пайдаланууга чакырды