Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

"Достук" чек ара бекетиндеги кезек күтүүнү чечүү маселеси талкууланды


"Достук" чек ара бекети. Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы. Ош облусу.
"Достук" чек ара бекети. Кыргызстан-Өзбекстан чек арасы. Ош облусу.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттер аркылуу жүк ташуучу унаалардын тез өтүшүн камсыздоо маселеси Ош облусундагы "Достук" өткөрмө бекетинде эки тараптын катышуусунда талкууланды.

Анда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Мамлекеттик Бажы кызматынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын кызматкерлери өзбекстандык кесиптештери менен “Достук” жана “Дустлик” өткөрмө бекеттеринин натыйжалуу иштеши тууралуу сүйлөштү. Анын ичинде жүк ташуучу унаалардын тез өтүшүн камсыздоо маселеси көтөрүлүп, мындан аркы кадамдар талкууланды.

Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 17-сентябрда билдирип, сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда жыйынтыкталганын белгиледи.

Буга чейин социалдык тармактарда "Достук" өткөрүү бекетинде кезек узарып жатканына байланыштуу видеолор тараган. "Достук автожол" бекети деп аталган бул пункттан жарандар, унаалар жана жүк ташуучу унаалар өткөрүлөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү былтыр 693,9 млн долларды түзсө, 2024-жылдын 7 айында 422,6 млн долларга жетти.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып оңолгонуна жараша бекеттерди ачуу иштери башталды. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылды. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жандантты.

Ушул тапта кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад", "Маданият", "Баймак", "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Кайтпас", "Ак-Кыя", "Өтүкчү", "Чечме", "Кара-Суу" жана "Кең-Сай" бекеттери иштеп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG