Украина беш облусу Орусиянын дрон чабуулуна кабылганын билдирди

Украина.

17-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына согуштук дрондордон 51ди учурганын, анын 34үн атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады.

Бир нече аймакта дагы 12 жанкечти дрондун локациясы аныкталбай калганы, жабыркагандар тууралуу маалымат түшпөгөнү, эки дрон кайра Орусиянын аймагына кайтканы кабарланды.

Абадан коргонуу системасы түнкүсүн жалпысынан беш облуста – Николаев, Херсон, Сумы, Полтава жана Харьков аймактарында иштеди.

Сумы облусунда, жергиликтүү аскердик администрация билдиргендей, энергетика системасынын ишканалары Shahed дрондору менен жапырт бутага алынды.

«Суу каналдары, ооруканалар жана башка эң зарыл объектилер резервдеги системаларга туташтырылды», — деп айтылды мекеменин маалыматында.

Украин президенти Владимир Зеленский 16-сентябрдын кечиндеги видеокайрылуусунда фронтто айыгышкан кармаш Курахово жана Покровск багыттарында уланып жатканын, Орусиянын Курск облусундагы операция планга ылайык жүргүзүлүп келатканын айтты.

Украинанын бул согуштагы Жеңиш планын даярдоо боюнча иштер 90% аяктап калганын белгилеген Зеленский пландын ар бир пунктунун аскердик, саясий, дипломатиялык жана экономикалык өңүтү такталып жатканын, зарыл кадамдар так аныкталып калганын кошумчалады:

«Бизге чыныгы тынчтыкты жакындатуу үчүн болушунча күчтүү мүмкүнчүлүктөрдү түзө ала турган кадамдар. Ар бир кадамдын так аныктамасы бар. Ал жерде колдон келгис эч нерсе жок. 90% жазылып бүтүп калды», – деди украин президенти.

Орусиянын Коргоо министрлиги 17-сентябрга караган түнү украин тараптан учурулган 16 учкучсуз учактын мизи кайтарылганын билдирди. Дрондордун 15и Брянск облусунда, бирөө Курск облусунда атып түшүрүлгөн.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага кол салган алгачкы жылы Украина Батыштагы союздаштары жөнөткөн курал-жарактын жардамы менен орусиялык чабуулдарга туруштук берип тура алган, бирок былтыр андай жардам дээрлик токтоп, фронтто оор абал түзүлгөн. Быйыл жазында гана жардам кайра улана баштады. (RK)

Дагы караңыз

Президент Жапаров "Борбор Азия - Германия" форматын натыйжалуу пайдаланууга чакырдыТалас: Кең-Аралда балдар медреседе, кафеде окуп жататДепутаттар интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пулду азайтууну сунуштадыКанцлер Шольц немис ишканалары кыргызстандык адистерге кызыгарын билдирди