Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Депутаттар интернеттеги жалган жалаа үчүн айып пулду азайтууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация жана архитектура боюнча комитетинде Министрлер кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, талкууланды.

Мында “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Аны аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлөт.

Мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков тааныштырып, маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйгөнүн билдирди. "Бул коомдук адеп-ахлакка жана жеке адамдардын ортосундагы мамилелерге коркунуч жаратууда", - деди министрдин орун басары.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев сунушталып жаткан айып пулдун суммасы Укук бузуулар кодексине дал келер-келбесине кызыкты.

"Миң эсе, эки миң эсе деген кайсыл кылмыш боюнча, бул кылмыш боюнча болот да, бузуу кодексине дал келеби? Бизде бузуу боюнча көптөгөн беренелер бар, 500 сом, 1, миң, 5 миң, 15 миң сомго чейин. Анан "балп" этип эле 100 миң десе болмок беле. Салыштырмалуу болуш керек да, бир кодекс болгондон кийин бирдей чара колдонуш керек. Анда чек болбосо миллон эсе деп жазып койолу. Акыркы учурда дал ошол интернетте мени тепкилеген, сынагандар көп. Эмне гана айтылбайт. Коомдук ишмер болгондон кийин көп нерсеге чыдайсың да, айла жок", - деди депутат.

Масалиев мыйзамды аткарууну Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөө туура эмес деген пикирин айтты.

Эл өкүлү Элдар Абакиров мыйзам долбоору айрымдарга курал болуп калбашы керектигин белгиледи.

"Интернет чоң курал же маалымат майданы болуп калды. Бул бычак сыяктуу, аны менен нан кессең болот, аны менен адамга зыян келтирсең дагы болот. Кыргызда "Баш кесмек бар, тил кесмей жок", "Сууну сиңген жерге куй" дегендей көптөгөн макалдар бар. Балдарга зыян алып келе тургандай, психологиясына таасир эткен маалыматтарды токтотуу керек. Аны так жок кылыш керек кайсыл платформада болбосун. Бирок бул мыйзамда талаштуу жагдайлар көп... Бүгүн жалган, бир жылдан кийин чын болуп калса ким жооп берет? Мыйзамга маанилүү жагдайды киргизиш керек. Биринчиден, муну Маданият министрлиги эмес сот чечиш керек. Анткени сот өзүнчө орган, чечим чыгарганга укуктуу жана кесипкөй адистер. Экинчиден, айып пулду 3-5 миңден ашырбаш керек. Ошондо бул мыйзамды карап чыгыш керек", - деди депутат.

Абакиров ушул сунуштар кошулмайынча, артка кайтарууну сунуштады. Мыйзам долбоорун комитеттин жыйынына катышкан депутаттардын көбү колдоп, экөө каршы добуш берип, ал биринчи окууда кабыл алынды.

“Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG