Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 17-сентябрда бир күнгө жабыларын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, чек арадагы эки өткөрмө бекеттер - "Торугарт" жана "Эркечтам" Кытайдын демилгеси менен ал жакта "Күздүн ортосун белгилөө" майрамына байланыштуу жабылууда. Аталган бекеттер аркылуу адамдарды, автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүү 18-сентябрда жанданат.
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери быйыл 1-марттан тарта күнү-түнү, дем алышсыз иштей баштаган. (ZKo)
Дагы караңыз
Берлин менен Ташкент эмгек миграциясы тууралуу макулдашты 16-сентябрь: "Ата-Журт" партиясы шайлоого катышпайт, ФБР Трампка кол салуу аракетин иликтейт Кендеги жемкорлук. Зилалиев менен Сатыбековду карматкан иш АКШ: Трампка кол салуу аракети шайлоого кандай таасир этет?